Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Бейөкмөт уюмдар экстремисттерди каржылаган жери жок


Мындай пикир “Эдвокаси” укук коргоо борборунун башчысы Жеңиш Төрөевдин массалык маалымат каражаттарына тараткан билдирүүсүндө айтылат. Бейөкмөтчүнүн көз карашында, кесиптештери кемчиликтери үчүн өкмөттү сындаса, аларды оппозиция деп эсептеп артынан сая түшүү кажетсиз. Эгерде Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар аркылуу экстремисттик агымдар каржыланууда деп шектенсе, канчалаган органдар турат, анда далилдешсин. Бирок маселени парламентте көтөрүп, атайын мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок. Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев тиешелүү мыйзамды катуулатпаса, жарандык сектордо тартипсиздик өкүм сүрүүдө деп күмөн саноодо. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG