Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Өкмөт кайтып келген мигранттарга кам көрүшү керек


Өлкөсүнө кайткан мигранттардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга арналган эл аралык жыйын бүгүн болду. Ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар катышты. Жогорку Кеңештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Бүмайрам Мамасеитов, мигранттарга кам көрүү коомдогу актуалдуу маселелердин бири, деп белгиледи. Талкууда бул маселелерди чечилиши үчүн мыйзамдарга толуктоолор киргизилиши керектиги айтылды. Жыйын соңунда катышуучулардын баары бир ооздон мекенине кайткан мигранттарга мамлекет жардам бериши зарыл экенин баса белгилешти. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG