Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Дүйнөлүк биржаларга кайрадан кыйырсын тийди


Дүйшөмбүдөн тартып дүйнөлүк биржалардын көрсөткүчтөрү кайрадан кескин төмөндөп кетти. Адистер буга эки жагдай себеп болгонун айтышууда. Бирок түпкүлүгүндө фонд рыногу өйдөлөш үчүн дагы бир нече жыл керек болот дешет.

Шейшемби күнү Токио биржасында Nikkeiдин индекси соңку чейрек кылымдагы эң төмөнкү чегине түшүп, андан соң илкип-калкып биртке жогорулап барып, токтоп калды. Ошол эле күнү Европадагы биржаларда да соода-сатык башталар замат көрсөткүчтөр көчкүдөн бетер дуу этип кулап кетти. Ага чейин Азия рыноктору да ушундай абалга кабылышты. Ал эми АКШда дүйшөмбү күнкү соода Dow Jonesтун кескин төмөндөгөн көрсөткүчү менен жабылды. Анын индекси 7 миң пункттан төмөн түшүп кетти. Мындай абал 1997-жылдан бери боло элек эле дешет.

Адистер финансы рыногун каптаган бул жолку кыйырсынга эки жагдай себепчи болгонун айтып жатышат. Адегенде АКШда өкмөт AIG камсыздоо компаниясына бюджеттен кошумча дагы 30 миллиард доллар каражат бөлүүнү чечти. Анын соңунан британдык HSBC банкы инвесторлордун шаабайын сууткан финансылык прогноздорду жарыялады. Ушул эки кабар тең дүйнөлүк фонд рыногунда тескери реакция жаратты.

AIG – American International Group – АКШдагы финансылык кризистин биринчи жеми болгон фирмалардан. Өкмөт аны жарым-жартылай өз карамагына алып, былтыр ага 150 миллиард доллар каражат берген эле. Бирок компания өткөн жылды өлкөнүн корпорациялык тарыхында боло элек терс натыйжалар менен аяктады: үч айдын ичинде эле 61 миллиард доллар каражатын жоготту, жалпы чыгымдын жылдык көлөмү 99 миллиард доллардан ашты.

Компания туш болгон кырдаалга токтолуп, Jeffries & Company тобунун башкы стратеги Арт Хоган көптөгөн финансы институттары бүгүн арбын акчага муктаж экенин AIG кайрадан эске салып отурат деп билдирди.

Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс өкмөт компанияга керектүү жардам көрсөтүүнү чечкенин, антпесе ал азыр системалык коркунуч боло баштаганын, келечекте такай кайталанма өнөкөткө айланып кетерин белгиледи.

AIG - дүйнөнүн 130 өлкөсүндө иштеген эң ири камсыздоочу компания, эгер ал кыйрап калса, анда АКШнын эле эмес, башка өлкөлөрдүн да финансы системасына олуттуу салакасын тийгизиши ыктымал.

Ал эми британдык HSBC банкы жарыялаган прогноздордо Британиянын өзүндө, жалпы эле еврозонада өндүрүш өлүмсүк абалга айланып баратканы көрсөтүлөт. Өткөн айдагы болор-болбос жылыштардан кийин февралда өндүрүш кайрадан өнүм бере албай калды.

XS
SM
MD
LG