Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Пакистанда куралчандар Шри-Ланканын крикет боюнча командасына кол салышты.


5 полициячы жана бир нече спортчу жараланганы кабарланууда. Лахор шаарынын полициясы маалымдаганына караганда команданы ташыган автобус стадиондун жанында буктурмага кабылган. Чабуулдун артында ким турганы белгисиз. Пакистан жана Шри-Ланка президенттери кол салууну айыпташты. Пакистандагы коопсуздук кырдаалынан улам, буга чейин бир нече чет өлкөлүк командалар ал жердеги мелдештерге катышуудан баш тартышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG