Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Ооган лидеринин чечимине БУУ тынчсыздануусун билдирди


Ооган лидери Хамид Карзайдын президенттик шайлоону августтун ордуна быйыл апрелде өткөрүү планы БУУну да тынчсыздантат. Баш катчынын тынчтык орнотуу операциялары боюнча жардамчысы Алэн Ле Руанын айтымында, коопсуздук кырдаалы, логистикалык жана техникалык шарттар шайлоону июлга чейин өткөрүүгө жол бербейт. Өнөктүк эрте өткөрүлсө, анын жыйынтыктары калыс болот деп эч ким кепилдик бере албайт, деди Улуттар уюмунун өкүлү. Уюм добуш берүүнүн Ооганстандын шайлоо комиссиясы белгилегендей 20-августта өткөрүлүшүн колдогон. Ишембиде Карзай шайлоону 22-майга чейин өткөрүү сунушун киргизген. Президенттин азыркы мандаты 21-майда соңуна чыкмачы. Анын бул демилгесин жергиликтүү оппозиция катуу сындап жатат.

XS
SM
MD
LG