Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Ушул күндөрү Парижде белгилүү түркмөн сүрөтчүсү маркум Токар Тугуровдун көргөзмөсү өтүп жатат. Тугуровдун көзү тирүү кезинде чет өлкөлөрдө мындай көргөзмө өткөрө алган эмес. Азыр Эмка галереясы анын мурасын кеңири таанытуу үчүн дагы бир ири көргөзмө даярдап жатат.

Токар Тугуров мындан 2 жыл мурда Парижде болуп, Франциянын белгилүү Сүрөтчүлөр шаарчасында бир нече ай эмгектенген. Ошондо ал жергиликтүү "Эмка" галереясынын көркөм жетекчиси зергер Эмка менен таанышып, ага бир катар сүрөттөрүн таштап кеткен. Эмка буларды айтат:

– Тугуров - Түркмөнстандын көркөм өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, ал түркмөн живописинин символу. Анын эмгектери орустардын Шагал, Кандинский сыяктуу дүйнөгө кеңири таанымал сүрөткерлери менен бирге көргөзмөлөргө коюлуп келген.

Тугуровдун чыгармачылыгынын туу чокусу 1980-жылдарга туура келген. Галерея өкүлүнүн сөзү боюнча, Тугуров андан көргөзмө уюштурууну суранып, бир катар сүрөттөрүн калтырып кеткен, бирок былтыр жүрөк оорусунан кайтыш болгон. Ал тирүү болгондо быйыл 65ке чыкмак.

Сүрөткердин чыгармалары Бангладеште, Алматыда, Токиодо, Лондондо, Орусияда көрсөтүлгөн. Аларды бүгүн Түркмөнстандын Улуттук музейинен, Москвадагы Чыгыш Элдеринин көркөм өнөр музейинен көрө аласыз. Чыгармалар АКШ, Ирландия, Канада, Германия, Түштүк Корея сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө жеке менчик коллекцияларда да илинип турат.

Тугуров Түркмөнстандын Көркөм өнөрүнүн эмгек сиңирген ишмери, Ленин комсомолунун лауреаты жана Орусиянын сүрөтчүлөрүнүн чыгармачыл союзунун мүчөсү болгон. Бирок көзү барда чет жактарга көп чыга алган эмес. Бул тууралуу Парижде жашаган түркмөн журналисти Огулбиби Аннаниязова мындай дейт:

– Советтик мезгилде сүрөтчүлөргө бир жакка баруу өтө кыйын болгон. Бирок анын чыгармалары чет өлкөлөргө чыгарылып турган. Өзү чыга алган эмес, бирок эмгектери коюлган көргөзмөлөр уюштурулуп турган.

Көз карандысыздыктын жылдарында Түркмөнстандан көптөгөн жазуучулар, режисерлор жана башка интеллигенция өкүлдөрү чет өлкөлөргө, негизинен Орусияга жана Батышка сүргүнгө кетишти. Эмканын айтымында, Тугуровду Москвага, Санкт-Петербургга көп чакырышкан. Бирок ал өз элинен кеткиси келген эмес.

Сүрөтчүнүн Москвада жана СССРдин башка аймактарында сүрөткерлер менен алакасы бар эле. 2007-жылы анын Парижге келип калышына да ушул жагдай огожо болгон. Сөз кайрадан Огулбиби Аннаниязовада:

– СССРдин Сүрөтчүлөр биримдиги бар эмес беле. Ал биримдиктин Франция менен сүрөтчүлөр менен алмашып туруу жөнүндө келишими болгон. Тугуров мына ошол системанын аркасы менен Парижге келе алды.

Аннаниязованын сөзү боюнча, Түркмөнстанда бийлик алмашканы менен, азырынча өлкөнүн тышкы байланыштары өрчүп кетти деп айтуу али эрте. Түркмөнстандын бийликтери чет өлкөлөр менен маданий жана башка алакаларды колдобойт, мындай байланыштарды өрчүтүүгө кызыккандарга ачык эле тыйуу салынган учурлар болот.

Ошого карабастан "Эмка" галереясы ушул жайда Токар Тугуровдун кеңейтилген көрсөтмөсүн Ашхабад бийликтеринин колдоосу менен өткөрүүгө үмүттөнүүдө:

- Тугуров азыркыдан алда канча кеңири таанымал болушу керек. Мен Тугуровдой ири сүрөткер менен тааныш болгонума өтө сыймыктанам, келечекте да анын чыгармачылыгын Батышта, Францияда таанытууга салым кошкум келет. Анын үстүнө, быйыл Ашхабаддын өзүндө атактуу сүрөтчүнүн ретроспективалык чоң көргөзмөсү уюштурулуп жатат, түркмөн өкмөтү колдосо, Парижде да анын кеңейтилген экспозициясын уюштурабыз.

Анда репортажды Токар Тугуровдун сүрөткер тууралуу жазып калтырган сөздөрү менен аяктасак:

"Көрүүчү чыгармадан таасир алсын үчүн, сүрөтчү глобалдык көйгөйлөр менен "оорушу" керек, бирок "улуттук жүзүмдү жоготуп коем" деп коркпосун. Генетикалык код өзү эле аракетке келип, аны сөзсүз мекенине, өз элине кайта жеткирип коет. Жаратылышты алдай албайбыз. Инсан катары сүрөтчү өзүн тынымсыз жакшыртып турушу керек, ошондо гана ал бүт адамзатынын рухий маданиятына салым кошо алат. Ал эми адамды адам кылуу бул - көркөм өнөрдүн ар бир түрүнүн түпкү максаты. Айтылган сүрөтчүлүккө да тийешелүү".

XS
SM
MD
LG