Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Армениянын акчасы - «саман», үмүтү тышкы жардам…


 Армения. Кардарлар валюталардын наркын салыштырып турушат, 3-март, 2009
Армения. Кардарлар валюталардын наркын салыштырып турушат, 3-март, 2009

Армениянын улуттук акчасы - драм шейшемби күнү үчтөн бирге арзандады. Анын алдында Армениянын улуттук банк Эларалык валюта корунун кеңешине ылайык, драмдын наркын мурдакыдай АКШ долларына көгөндөбөй, эркин койо берген болчу. Улуттук банк киргизген жаңы курс боюнча, 1 доллар 360-380 драмга алмашылат деп күтүлүүдө.

Шейшемби күнү эле армян драмы 30 процентке жакын арзандады. Ереванда 1 АКШ доллары 400 драмга алмаштырыла баштады. Бир күн мурда эле 1 доллар 305 драм турган.


Талдоочулардын түшүндүрүшүнчө, драмдын кунун жоготуусу - эң алды - Кошмо Штаттар менен Россиядагы эмгек мигранттарынын акчаны аз жөнөтүп калганына байланыштуу болду. Армениянын улуттук банкынын драмды сатып алууну токтотуусу да улуттук акчанын арзандашына алып барды.

Акыркы айларда Улуттук банк драмды туруктуу кармоо үчүн 360 миллион доллар сарптаган.

Драмдын арзандоосу инфляцияны тездетээри шексиз. Эларалык валюта кору - МВФтин эсеби боюнча, инфляция 2009-жылы 8 процентке жетиши ыктымал. Бул ички дүң жыйым (ички дүң продукция) 1, 5 процентке кыскарат дегенге тете.

Драмдын арзандоосуна рынок ошол замат жооп берди. Еревандагы эң чоң дүкөн-супермаркет товарлардын баасын алмаштыруу үчүн 2 саатка жабылды.

Акчанын куну качат деп дүрбөгөн эл кум шекер, ун, ак май сыяктуу зарыл азыктарды дүңүнөн сатып ала баштады.

Еревандык серепчи Ричард Гирагосян драмдын күчүн жоготуусу - саясый авторитаризмдин түптөлүүсү жана импортту контролдогон ири фирмалардын ишинин натыйжасы деп баалайт:

«Акыркы бир нече жылда өлкөдө саясый авторитаризм бекемдеп, калк кеңири керектөөчү товарларды сатуудан пайда тапкан олигархтардын картелдери менен монополисттер драмга олуттуу кысым көрсөтүштү», дейт Гирагосян.

Арменияга бензин, газ, азык түлүк, адеми буймдарды импорттоо - жергиликтүү олигархтардын ээлигинде.

Драмды калкыма режимге өткөрүү жергиликтүү өндүрүштү баланстуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүш керек.

Ошол эле учурда 1993-жылдан бери жабык турган Түркия-Армения чек арасын ачууга шыкак болот.

Себеби чек аранын ачылганын Түркия чоң пайда көрөт дешет кээ бир эксперттер.

Драмдын алсырашы Арменияны эларалык финансылык уюмдарга кайрылууга мажбур кылды.

МВФтин башкаруучу директору Доминик Стросс-Кан Арменияга 540 миллион доллар насыя берүүнү колдоп чыкты. Бул кредит бекитилсе, анын 239 миллион доллары 28 айдын ичинде берилет.

Дүйнөлүк банк Арменияга 85 миллион доллар бермекчи.

Өткөн жумада Армения Россиядан 500 миллион доллар насыя алууну макулдашкан.

Россиянын насыясы Армения үчүн кымбатка турушу мүмкүн, деп кооптонот Ричард Гирагосян:

«…Россия бир нече жыл илгери Армения газ үчүн төлөбөгөн 100 миллион долларды кечкен. Анын ордуна Россия бир нече тармакты, анын ичинде энергетика, телекоммуникация жана темир жол секторуна ээлик кылып калды. Азыркы кризистик жагдайда андан беш эсе көп насыя берүүдө».

Армения буга дейре Кошмо Штаттардагы бай армян жамаатынын жардамына таянып, тышкы карызга көзкаранды болбой келген.

Бул ирет болсо АКШ өзү да глобалдык финансылык кризистин чеңгелинен чыга албай турат.

Армения: карыз сазына баткан калайык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00

XS
SM
MD
LG