Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Пакистан полициясы Шри – Ланканын крикет командасына кол салгандарды издөөдө


Шри- Ланкалык крикет ойноочуларды тартып бара жаткан автокербен кечээ Лахор шаарында буктурмага алынган эле. Ондон ашуун адам аларга ок атуучу курал жана гранаталар менен чабуул жасаган. Андан бери дегенде пакистандык алты полицей жана айдоочу каза таап, Шри-ланкалык жети оюнчу жана машыктыруучу жаракат алган. Кол салгандар болсо качып кетүүгө үлгүргөн, алардын ким экени белгисиз жана окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Пакистан жетекчилиги кол салууну айыптады жана бул спорттук командага 1972-жылкы Мюнхен олимпиадасынан кийин жасалган эң ири кол салуулардын бир болду. Анда палестиналык согушкерлер Израилдин 11 спортчусун мерт кылган. Кол салуудан кийин Жаңы Зеландиянын крикет командасы Пакистанга сапарын токтотконун жарыялады.
Президент Барак Обаманын айтымында, АКШ кол салууга терең тынчызданат. Ал эми Мамлекеттик департамент окуяны "бейкүнөө адамдарга каршы заардуу кол салуу" деп мүнөздөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG