Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

“Репортер-Бишкек” гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевдин абалы оор


Кечээ кечинде белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен журналист, басылманын саясий серепчиси Сыргак Абдылдаев учурда №4 оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Кан көп кетип калганына байланыштуу түндө ага кошумча кан куюлду, деп билдирди гезиттин негиздөөчүсү Султан Каназаров “Азаттыкка”. Ал Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду, деп эсептейт. Кечээ саат 19дар чамасында “Репортер-Бишкек” гезитинин кеңсесинен чыгып, үйүнө карай бараткан журналистти Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бир нече адам бычактап кетишкен. Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча ал денесинин он эки жерине бычак жеп, эки колу сынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG