Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:55

Тажикстан Кыргызстанга жол куруу үчүн жерди ижарага бермей болду


Бул тууралуу КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Тажикстандын Чорку анклавын айланып өтүүчү Ош-Баткен-Исфана жолун курууда 275 метр жерди тажик тарап символдуу түрдөгү акы үчүн 49 жыл ижарага берүүгө макулдугун берди. Мындай макулдашууга кыргыз-тажик Коопсуздук Кеңешинин катчылары 3-мартта болгон жолугушууда жетишти. Жолугушууда тараптар мындан тышкары дагы 5 маселени карап, булардын бардыгы боюнча бир пикирге келе алды. Алар: жол, чегара, суу, акыркы убактардагы чегаралаш аймактардагы эки өлкө атуулдарынын тирешүүлөрүнүн себептери, жайытты пайдалануу боюнча маселелер. Адахан Мадумаровдун кошумчалаганы боюнча кыргыз-тажик чегара аймактарында жаңжалдуу абал пайда болсо эки өлкөнүн жергиликтүү өкүлдөрү күч кызматтары менен биргелешкен топ түзүп, бирдиктүү чечүү тууралуу да келишим түзүлдү. Жыйындын соңунда эки өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын деңгээлинде мындай жолугушууларды квартал сайын өткөрүп туруу макулдашылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG