Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Сүлүктүдөгү “Жолбаев” шахтасына жер көчкү жүрдү


Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жабыркагандар жок.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Абдысамат Паязов “Азаттыкка” билдирди. 3-мартта саат 11-30 чамасында көлөмү 2 миң кубометрлик жер көчкү жүрүп, шахтада иштегендер убагында сыртка чыгарылган. Ал эми түшкү саат он бирлерде Таш-Көмүр шаарында катуу шамал болуп үй-бүлөлүк медициналык борбордун чатыры жана тез жардамдын УАЗ авто унаасы жабыркаган. №111-лицейдин чатырынан 93 шиферди, педогогикалык институттан 20, өрт өчүрүү кызматынын имаратынан 120 шиферди учуруп, 36 терезе сынган. Учурда жаратылыш кырсыгы келтирген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG