Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Гаагадагы эл аралык сот бүгүн Судандын президенти боюнча чечимин чыгарат


Аталган сот бүгүн Судандын президенти Омар ал-Баширди камакка алуу же албоо маселеси боюнча чечим чыгарары күтүлүүдө. Судан президенти өлкөнүн Дарфур провинциясында ындыкара калкка каршы тукум курут өнөктүгүн уюштурганы үчүн айыпталып келе жатат.

Эл аралык Кылмыш сотунун башкы прокурору Луис Морено- Окампонун кечээги билдирүүсүнө караганда, анда Судан лидеринин күнөөлүүлүгү боюнча ишенимдүү далилдер бар.

Кокус Омар ал-Баширди камоого ордер берилсе, бул Эл аралык кылмыш сотунун акыркы жети жылдык тарыхында кызматтагы мамлекет башчысын камакка алуу боюнча алгачкы чечими болот.

Улуттар уюмунун эсебинде, дээрлик алты жылга созулган жаңжаал учурунда Дарфурда 300 миңдей адам өмүрүнөн айрылды, эки жарым миллиондой киши үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG