Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

С.Абдылдаевге байланыштуу ишти министр М.Конгантиев көзөмөлгө алды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртең мененки саат 8де ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтөө тобуна кылмыштын бетин тез арада ачууга буйрук берди. “С.Абдылдаевге эмне себептен кол салынганы азырынча белгисиз, айрымдары бул окуяны анын кесиптик ишине байланыштырышууда. Бирок муну так айтууга болбойт, себеп дегенде мунун чоо-жайы алгачкы тергөөнүн жүрүшү ачыктайт”,-деди Сеитов. “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси, журналист Сыргак Абдылдаевди кечээ кечинде гезиттин кеңсээсинин жанынан белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Ал учурда №4 оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG