Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

С.Абдылдаевге кол салуу анын кесиптик ишмердиги менен байланыштуу


Мындай билдирүүнү бүгүн “Ата-Мекен” партиясы таратты. Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаев 90-жылдан тартып эле “Ата-Мекендин” мүчөсү болгон. Ошондой эле билдирүүдө С.Абдылдаевдин өлкөдөгү саясий кырдаалды чагылдырып келген принциптүү журналисттен болгондугу жана ага кол салуу профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылат. “Соңку мезгилдерде бир гана журналисттердин жашоосунда эмес, жалпы сөз эркиндигинде коркунуч жаралууда”, - деп жазылат анда. ММК өкүлдөрүнө кийинки учурда жасалып жаткан ар кандай кысым, куугунтуктоо, кол салууларга, сөз эркиндигине чектөөлөр киргизилишине "Ак шумкар" партиясы, "Жашылдар" партиясынын лидери дагы тынчсызданганын билдиришти.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG