Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсүнө Акыйкатчы ортомчулук кылууда


БЭКтин тобунун бийлик менен жолугушуп сүйлөшүүсү жана оппозициянын жолдогон сунушу боюнча мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөновго кирип чыкканын Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, мамлекеттик катчы бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экендигин, БЭКтин сунушу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын, жакын арада бул маселе боюнча чечим кабыл алынып, оппозицияга жообу берилерин билдирген. Кечээ президенттин басма сөз кызматы БЭКтин тобу президент менен сүйлөшүү сунушун президенттин администрациясы алганын кабарлаган. Анда өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды жөнгө салуу, коррупция, энергетика маселеси, массалык маалымат каражаттарына кысымды жана саясий куугунтуктоону токтотуу талабы коюлган.(AJ)

XS
SM
MD
LG