Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Бейөкмөт уюмдар ыңкылаптын алдыңкы сабында болгон


2005-жылы март окуяларында өкмөттүк эмес уюмдардын ролу чоң болгон. Азыр болсо өкмөттүк эмес уюмдардын саясий окуяларга аралашуусуна чек коюга аракет жасалып, бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси козголууда.

Март ыңкылабынын алдында жана ага чейинки жакынкы жылдарда Кыргызстанда беш миңдин тегерегинде өкмөттүк эмес уюмдар иштеп турган. Алардын ичинен “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы, “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, “Кылым шамы”, “Интербилим”, Турсунбек Акун жетектеген укук коргоо уюму, Рамазан Дырылдаевдин Адам укугун коргоо боюнча Кыргыз комитети, Наталия Аблованын адам укугу боюнча бюросу жана башка уюмдар өзгөчө активдүү болушкан.

Ынкылаптын алдында жаштардын “Бирге”, “Кел-Кел” уюмдары түптөлгөн.“Кел-Кел” март ынкылабынын алдында бир топ акцияларды өткөргөн. 24-мартта “Кел-Келдин” мүчөлөрү митингчилердин алдыңкы катарында болушкан.

Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда өтө жогорку кызматтарда жүргөн Болот Жанузаков өкмөттүк эмес уюмдардын ал кездеги ишмердүүлүгүн мындай эскерди:

- Өкмөттүк эмес уюмдар Аскар Акаевич президент болуп турган кездеги демократиянын өсүшүнүн бир көрсөткүчү болчу. Тилекке каршы ошол чет өлкөдөн грант алып жаткан кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар саясатка аралашып, бир топ кыйынчылыктарды келтирип койду десем жаңылышпаймын. Бирок өкмөттүк эмес уюмдар өлкөбүздө болуп жаткан саясаттан тышкары болсун десек өтө чоң жаңылыштык болуп калат.

Өлкөдөгү алдыңкы өкмөттүк эмес уюм болгон “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын ал кездеги жетекчиси Эдил Байсалов март ыңкылабына өкмөттүк эмес уюмдардын эмгеги эбегейсиз болгонун эскерет:

-2003-2004-жылдары, Аксы окуясы учурунда баары унчукпай турганда өкмөттүк эмес уюмдар, алардын ичинде биздин коалициябыз маалымат таратып, сотко катышып, Акаевдин коррупцияга малынган кылмыш иштерин ачыка чыгарып, чет өлкөгө болобу, кыргыз элине болобу дайыма жарыялап турчубуз, - деген Эдил Байсалов ал мезгилдеги бийлик азыркы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиевди кысымга алганын, бирок азыркы бийлик куугунтуктар аркылуу Акаевдин катасын кайталап жатканын белгиледи.

Азыркы кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун ал кездеги окуяларды мындай эске салды:

-Мен ойлоймун өкмөттүк эмес уюмдардын салымы өтө зор болгон. Өзүңөр билесиңер 2004-жылы 5-январла Азимбек Бекназаров камалганда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болгон мен, Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасуловалар Бекназаровду коргоо комитетин 8-январда түзүп, биринчилерден болуп 9-январда пикетке чыгып, 10-январда ачкачылык жарыяланганбыз. Ошондон баштап дал ушул өкмөттүк эмес уюмдардын демилгеси менен, аракети менен анан чоң окуя башталган.

Акыйкатчы бүгүнкү күндө өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөө аракетин айыптап, ага каршылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип, өкмөттүк эмес уюмдардын саясий окуяларга аралашуусуна чек коюуга аракет жасоодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG