Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Оштуктар Өмүрбек Текебаев үчүн акча топтошот


Ошто "Ата Мекен" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевди колдоо иретинде «Элдик кор» ишке киришти. «Атамекенчилердин» айтымында, эми Текебаевди колдогон жарандардын баары элдик корго акчалай көмөк көрсөтүп, аны 2010-жылкы президенттик шайлоодо сүрөп чыга алышат.

Өмүрбек Текебаевди колдоп, атайын фондго акча топтоо чакырыгы менен чыккан демилгечилердин бири Бакыт Калмаматов алдыдагы шайлоодо акчалуулар көп болоорун, андыктан “Ата-Мекендин” бай эмес лидери кыйналып калбасын деп, ага акча топтолуп жатканын билдирди.

“Эми, бул сапар КЭКтин дагы, БЭКтин дагы тандаган президентин эмес, элдин тандаган президентин ээрчигенге аракет кылышыбыз керек. Биз «Ата-мекен» партиясынын Оштогу өкүлчүлүгү Текебаевди президенттик талапкер катары көрсөтүү максатында фонд түзүүгө камданып жатабыз. Карапайым калк менен биргеликте түзүлгөн фондко ким канча каражат кошсо да, Текебаевди улут лидери катары президенттикке көрсөтөбүз, колдойбуз”, - деди Калмаматов.

Аталган фонд эми элден кандай колдоо таба алат - белгисиз. Маселен, саясатка анчейин деле кызыкпаган студент Орунбек Жаркынбаев оппозициянын көзгө басар ишин же бийликке сунуштаган конкреттүү программасын деле уга элек. Ал келаткан шайлоодо оппозиция канчалык аракет кылбасын, азыркы президент Курманбек Бакиев утуп чыгаарына толук ишенет: “Оппозиция биригип туруп, өнүгүүнүн программасын, башкаруунун ыкмаларын сунуштаса, жакшы болмок. Азыркы сунуштап жатышкан программалары элден колдоо тапкан жок. Келаткан шайлоодо Бакиев эле утат го”.

Активдүү жаштардын бири Эрнис Жолдошбек уулу оппозициялык «Ата-мекен» партиясынын жана анын лидеринин абройу күндөн-күнгө төмөндөп баратат деген пикирде. Ал жаш «ата-мекенчилердин» элден акча чогултуу менен Текебаевди таза саясатчы катары көрсөтүү ыкмасы колдоого ээ болооруна ишенбейт:

“Текебаев өзүнө-өзү пиар жасап жатат. Муну менен ал күндөн-күнгө кадыр-баркы төмөндөп бараткан партиясын мурдагы калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат. Бирок эл «Ата-Мекенди» эле карап турган жери жок”.

Ал тапта жарыксыздык менен кымбатчылыктан тажап бүткөн шаар тургуну Жыргалбек Камчыев араң үч миң сомго жеткен айлыгынын четинен бул фондго да, нааразылык акцияларына да акча кошконго даяр.

“Мен элдик фондко акча берем. Мен күчтүү, өнүккөн Кыргызстанда жашагым келет. Аны Текебаев кура алат деп ойлойм”, - деп ишенет Жыргалбек.

Соңку кезде саясий активдүүлүгү арта баштаган оштук жаштар келерки президентти тандоого өзгөчө кызыгып турушкан чагы. Жакында эле “бакиевчил” жаштар шаар калкы арасында иликтөө жүргүзүп, алдыдагы шайлоодо К.Бакиев 90% добуш менен утуп чыгат деп жарыялашкан. Анын артынан минтип “текебаевчил” жаштар “эл бизди жапырт колдойт” деп, фонд түзө коюшту.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG