Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Жалал-Абат губернатору аксылыктардын көйгөйүн укту


Райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн курултайында чек ара, таза жана сугат суулары, жайыттарды коргоо маселеси көтөрүлдү. Мындай маалымат облбийликтин өкүлү О.Карасартовдон алынды. Анын айтымында, Кош-Дөбө айылына суу Өзбекстандан келгендиктен дыйкандар былтыр жетиштүү түшүм ала албаганын билдиришип, Торук айлынын Өзбекстандагы бөлүгүндө жашаган кыргыздарды көчүрүп алуу өтүнүчүн айтышты. Айыл ардагери Ормон Алимовдун билдишинче, ал жакта там-ташынан башкасы жок 30 үй-бүлө кыргыз жашайт. Алар үлүшү үчүн жер салыгын Кош-Дөбөгө төлөйт, балдары ушул айылда окуйт, пенсия, жөлөк пулун Кыргызстандан алат. Чек арадан өткөндө түрдүү тоскоолдуктарга учурашат. Губернатор Иринжит каналы менен Үч-Коргон-Кербен жолунун курулушун көрүп, кылмыштуулуктун бетин ачуу жакшырганын укту. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG