Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

“Ак шумкардын" Нарындагы координатору прокуратурага арыз жолдоду


“Ак шумакр” партиясынын Нарын облустук координатору Урмат Акунов Нарын шаардык прокуратурсана арыз жолдоду. Анда 3-мартта Нарын шаардык жана облустук ички иштер кызматкерлеринин "Ак шумкар" партиясынын кеңсээсин тинтүү жүргүзгөнүн адилеттүү карап, мыйзамга көзөмөл кылып берүү өтүнүчү айтылган. Акуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, анын өзүн жана “Ак шумкардын” шаардык штабынын жетекчиси Жолдубай Сүйүнбаев менен “Ата Мекен” партиясынын Нарын шаардык координатору Адыл Эсенбаевди бүгүн облустук коопсуздук кызматына чакырып алышып, кийин керек болгондо чакырып алабыз деп кайра кетиришкен. 3-мартта түштө Нарын ШИИБнин кызматкерлери “Ак шумкар” партиясынын Нарындагы кеңсесин тинтүүгө алып “Эл үнү” гезитинин 200 даанасын жана БЭКтин кыргыз элине кайрылуусун алып кетишкен. Партиянын Нарын облустук координатору У.Акуновду, штабдын жетекчиси ЖСүйүнбаевди, “Ата Мекен” партиясынын Нарындагы координатору Адыл Эсенбаевди шаардык ички иштер бөлүмүндө, облустук ички иштер башкармалыгында андан соң улуттук коопсуздук кызматында кечке чейин кармашып, кечинде кое беришкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG