Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

С. Каназаров: Журналисттерге ачык айбат көрсөтүү башталды


"Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге кол салынышына байланыштуу аталган гезиттин башкы директору Султан Каназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сыргак Абдылдаевге кол салууну саясатка байланыштырса болобу?

- Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышы бар деп эсептейм. Биз бул окуядан башка себептерди көрбөй жатабыз

- Абдылдаев бийликти сындап жазчу беле?

- Ал жалаң гана саясий темада жазчу. Азыркы бийликти сындаган макалаларды да жазчу. Биздин гезит ортомчул көз карашты кармангандыктан, оппозицияны да бийликти да сындап келебиз.

- Кол салуу боюнча эмне айта аласыңар? Элдин көзүнчө эле кол салыныптыр.

- Кол салуу редакциянын жанында саат кечки жетиде, кымгуут мезгилде, шаардын эл көп жүргөн жеринде болгон. Борбордук көчөлөрдүн кесилишинде болгон бычактоону, эки колун сындырып салууну - бул атайын көз көрүнө, ачык айбат көрсөтүү деп кабыл алса болот. Кол салууну уюштургандар эч кандай башка ой пайда болбосун деп, кесиптик ишине байланыштуу экендигин бизге көзгө сайып көргөзгүсү келген деп ойлойм.

- Кылмышты иликтөө иштери кандай жүрүп жатат?

- Кылмыштын бетин ачуу аракеттери башында жакшы жүргөн эмес. Себеби милиция кызматкерлери бул окуя болгон, эл көп жүргөн жерге барышпай, Абдылдаевдин кесиптештери менен жакындарынан түшүндүрмө алып жүрүштү. Ушул кантип кылмыш ишинин бетин ачууга жардам берсин? Негизи окуя болгон жердеги ыкчам аракет иштери жүргөн жок.

- Буга чейин да “Репортер Бишкек” гезитинин бир кызматкери коркутуудан кийин өлкөдөн чыгып кеткен эле. Абдылдаев менен болгон окуя силердин гезитиңердин чыкпай калышына алып келбейби?

- Жок. Биздин гезиттегилер коркуп дүрбөлөң түшкөн жок. Кызматкерлер кайра эми катуу иштеш керек деген пикирилерин айтып отурушат. Ушу тапта биздин гезиттин бир автору Швецияда баш паанек сурап жүрөт. Хабира Мадиеваны саясий темада макала жазгандыгы үчүн коркутуп-үркүтүү болуп, жада калса өлтүрөбүз деген телефон чалуулар болгон. Ал ошол кезде түнү менен Швецияга качып чыгып кеткен эле. Эми Сыргак Абдылдаевке башка өлкөгө башпаанектеп чыгып кетүүнү сунуштайм. Ал өзү макул болсо, мен жакынкы күндөрү бул боюнча аракеттерди көрө баштайм. Мен эми өзүмдүн да, кызматкерлердин да өмүрүнө коркунуч болбойт деп кепилдик бере албайм. Себеби биз көрбөдүкпү, редакциянын жанынан, элдин көзүнчө кишини бычактап кетишти. Эгер башталышы ушундай болсо, аягы кандай болот?.. Учурда аябай эле кооптуу абалдабыз. Бирок буга карабай гезитибиз эч качан өз позициясын өзгөртпөйт. Буга чейин кандай өңүттө жазып келген болсок, ишибиз ошол бойдон улана бермекчи.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG