Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Гаага соту Судан президентин камоо буйругун чыгарды


Эл аралык кылмыштар боюнча Гаагадагы сот бүгүн Судандын президенти Омар ал-Баширди камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Ал өлкөнүн Дарфур аймагында ындыкара калкка каршы тукум курут өнөктүгүн уюштурганы үчүн айыпталууда. Гаага соту ошентип алгач ирет бийликте турган мамлекет башчыны камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды.

Соттун баш прокурору Луис Морено-Окампо ушул шейшембиде ал-Баширдин күнөөсүн далилдеген «олуттуу фактылар» бар экенин билдирди. Президент Судандын армиясын жана арабдардын согушчан топторун африкалык урууларга каршы багытталган өнөктүккө тукурган деп айыпталууда. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Дарфур жаңжалы башталган 2003-жылдан бери чөлкөмдө 300 миңдей киши өлтүрүлгөн, 2 миллион 700 миңге жакын киши үйлөрүнөн качууга аргасыз болгон.

Прокурор соттун мындай буйругунун алдында ал-Баширдин африкалык 3 урууну Дарфурдан сүрүп чыгуу өнөктүгүн өзү көзөмөлдөгөнүн 30 чакты күбө далилдөөгө даярдыгын журналисттерге билдирген эле.

Бул аралыкта ал-Башир шейшембиде Нил дарыясында курулган дамбанын ачылышына катышты. Ал анда эл аралык соттун айыптарын четке кагарын айткан:

- 4-мартта алар өз чечимин чыгарышат. Андан кийин керек болсо дагы 10ду чыгарышсын. Акыр аягында андай чечимдер эч нерсени билдирбейт. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши көптөгөн резолюция кабыл алып жатат. Акыркы, 1706-резолюция азыр эмне болду? Мен аларга ошол резолюцияларыңарды сууга чылап туруп бардыгын ичип салгыла дедим.

Ал-Башир сөз кылган 1706-резолюция 2006-жылы кабыл алынган жана Дарфурдагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн. Документ Улуттар уюмунун 20 жарым миңдей бейпилдик күчтөрүн Дарфурга жиберүүгө үндөгөн.

Канткен менен соттун бул чечими - Башир азыр эле камакка алына калат дегенди билдирбейт. Ал Эл аралык кылмыш сотун түзүү жөнүндөгү келишимге кол койгон мамлекеттердин аймагында гана туткундала алат. Келишимге 100дөн ашуун өлкө кошулган, алардын катарында Судан жок.

БУУнун Коопсуздук кеңеши прокурор Морено Окампого Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү кылмыштарды иликтеп чыгууну 2005-жылы тапшырган. Баш прокурор ал-Баширди камакка алуу буйругун чыгаруу керектигин былтыр эле жарыялаган. Ошондон бери Судан Африка Биримдигинин жана Араб Лигасынын колдоосуна жетише алды.

Бир катар африкалык жана араб өлкөлөрү болсо бул арада Эл аралык сотту Баширге каршы чара көрбөөгө чакырышкан. Алар президент баары бир дароо кармалбайт, чечим болсо Дарфурдагы абалдын оорлошуна алып келиши ыктымал деп эскертишүүдө.

Айткандай эле, Ажанс Франс Пресс агенттиги маалымдаганына караганда, Дарфурдагы козголоңчу топтордун бири президентти кулатуу үчүн өлкөдө зордук-зомбулукту жайылтаарын экертти. Ал-Башир Судандагы бийликти мындан 20 жылдай илгери басып алган.

Президент жеке адамга сыйынуу салтына көнгөн өлкөдө салыштырмалуу колдоого ээ. Франциянын эл аралык радиосу (RFI) кабарлагандай, акыркы апталарда баш калаа Хартумдун көчөлөрү президентти даңазалаган сүрөттөргө толуп калды.

Ошентип, 2002-жылдан бери эл аралык кылмыштар боюнча туруктуу иш алып барып жаткан Гаага соту алгачкы жолу бийликте турган мамлекет башчыны камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды.

XS
SM
MD
LG