Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Налапат: Келечекте ислам сыймыктана турган дин болот


МАГАТЕни жетектеген ел-Барадеи Нобелдин сыйлыгын алган мусулман
МАГАТЕни жетектеген ел-Барадеи Нобелдин сыйлыгын алган мусулман

Индиядагы Манипал университетинин Геосаясат бөлүмүнүн директору Налапат индиялык мусулмандардын көркөм өнөр, кино, ишкердик тармагында дүйнөлүк деңгээлде болуп жаткан жетишкендиктери жөнүндө өзүнүн көз карашын билдирет. .

"Дүйнөдөгү бир жарым миллиардга чукул мусулмандардын ондон бири Индияда жашайт. Индустар үстөмдүк кылган өлкөдө азчылыкты түзсө дагы, Индиянын чырлуу Кашмирден сырткары жактарында жашаган мусулмандары жалпы жонунан исламчыл жиxадисттердин чакырыктарын колдоодон баш тартышты.

Алар дүйнөдөгү эң ири демократиялык өлкө болгон Индиянын тынчтыкты сүйгөн атуулдары бойдон кала беришүүдө, бир эле мезгилде алар көптүгүнө таянып, мусулмандарга каршыккандардын мамлекеттик кызматка келишине жол бербөөнүн күжүрмөн аракетин көрүп келатышат.

Индиялык мусулмандардын көркөм өнөр, кино, ишкердүүлүктө дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтерге жетишип келатканы таң калыштуу эмес.

Индиянын эң бай адамдарынын бири мусулман Азим Премжини "Бизнес жумалыгы" "бардык замандардагы эң улуу бизнесмендердин бири деп тааныды. Индиянын мурдагы президенти Абдул Калам да такыба мусулман.

Индияда эң көп санда кино тарткан Боливудда мусулман актерлору калктын 85 пайызын индустар түзгөн өлкөдөгү эң атактуу кино жылдыздарынын катарына кирет. Өткөн жылы америкалык "Нюсуик" журналы мусулман кино жылдызы Шахрух Канды Жер шарындагы эң таасирлүү 50 кишинин катарында атады.

Индияда миллиондогон мусулман жаштары инженер, дарыгер сыяктуу кесиптерде билим алышкан. Албетте, 300 миллион киши итке минген жакыр өлкөдө миллиондогон индустар менен христиандар сыяктуу эле, көп мусулмандар жакырчылыкта жашашат.

Кыскача айтканда, жек көрүүчүлүккө тукургандардын тилеги таш каап, Индиядагы мусулмандардын басымдуу бөлүгү өздөрүн өз коомунан же дүйнөдөн обочодо калгандай сезбейт.

Алар башка диндерди карманган мекендештери менен бирге дүйнөдө кайда болсо да ат салышып, ийгиликке жете алаарына ишенишет. Жакында Лос-Анжелесте эки индиялык мусулман Алла Раха Рахмат менен Ресул Покутти эң мыкты композитор жана эң мыкты үн оператору деп таанылып, Оскар сыйлыгын алганда да ушул сезим үстөмдүк кылды.

Азыр мусулмандарды жек көрүүчүлүккө, обочолонууга үндөгөндөр менен ынтымакта жана тынчтыкта жашоону колдогондордун ортосунда таймаш бар. Бирок Оскар сыйлыгын алып жатып, Рахман "жек көрүүчүлүк менен сүйүүнүн бирөөсүн тандоого туура келгенде ар дайым сүйүүнү тандап" келгендигин айтты. Ал эми Покурти өз сыйлыгын киндик каны тамган Индияга арнап, аны "сөздөн мурда да, андан кийин да боло жүргөн "ом" деп аталган тымтырстыктын цивилизациясы" деп мүнөздөдү.

Ооганстандагы будданын Бамян эстеликтери талкалангандай, экстремисттердин интеллектуалдык жана маданий кыйратуучулугу болбогондо, ондогон мусулмандар азыр Нобелдин сыйлыгына татыган МАГАТЕнин теги араб жетекчиси Мухаммад эл-Барадеинин катарында жүрөт беле.

Рахман, Покурти, эл-Барадеи сыяктуу адамдар Исламдын нагыз рухун чагылдырат. Бул рух бүгүн эбак артта калган Алтын доорго кайтуу кыялына чөккөндүн ордуна, бүгүнкү дүйнөнүн нагыз асыл-наркын жарата алат.

Иш орундары жана байлык Премжи сыяктуу ишкерлер тарабынан жаралат. Музыканы Рахман менен Покурти жаратты. Эл-Барадеи жана МАГАТЕ бизге коопсуз энергия булагын бере алат. Исламдын келечеги ушулар. Биз дал ушуларды жана аларга окшогон миллиондогон адамдарды нагыз мусулмандар деп санашыбыз керек."

XS
SM
MD
LG