Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Ушул шейшембиде Тажикстандын Кожент шаарында эки өлкөнүн Коопсуздук кеңеш катчылары жолугушуп, Ош-Исфана жолунун талашта турган бөлүгүн кыргыз тарап ижарага алуу чечимине келди. Жергиликтүү тургундар болсо бул туура эместигин, талаш делген жерди кыргыз тарап ижарага алышы аны Тажикстанга тиешелүү деп расмий таанууга жатаарын белгилешүүдө.

Тажикстан жана Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчылары Адахан Мадумаров менен Амиркул Азимовдун жетекчилигинде эки тараптуу комиссиянын Кожент шаарында жолугушуусунда негизинен кыргыз-тажик мамилелерине байланышкан 6 маселе каралган. Алардын негизгиси - буга чейин чечилбей келген Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү Ош-Исфана жолунун 275 метр бөлүгү боюнча маселе болду. Жолугушуунун натыйжасында аталган бөлүккө туш келген жерди кыргыз тарап Тажикстандан арзан баада ижарага алууга жетишкен.

Бул боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров буларды билдирди:

- Тажикстан тарап 49 жылга символикалык акы менен бул жерди ижарага берди. Бул жолдун курулушунда, айрыкча ушу Исфара дарыясынан өткөн көпүрө боюнча маселе чечилбей келген. Эми кудай буюрса көпүрөнүн курулушун эртең таң эртеңден да баштай берсек болот, ал маселе чечилди. Мен айтаар элем, бүгүнкү жолугушуубуз абдан жемиштүү болду, абдан ийгиликтүү чечим кабыл алынды деп айтсак болот. Эгерде кандайдыр бир чатактар чыгып кетсе чек аранын ортосунда, ошол жерде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилери ички иштер органдары менен биргеликте чогулуп туруп ошол маселени чечиш керек. Тажикстан тарап өзүнчө, Кыргызстан тарап өзүнчө эмес, биргелешкен, керекпи эки губернатор, керекпи эки райондун акими, ИИБинин жетекчилери жыйналышып, ошол жерден бирдиктүү чечимге келиш керек.

Ошол эле учурда айрым жергиликтүү тургундар кыргыз тараптын мындай чечимге жетишкенин жана аны ийгиликтүү деп айтышын туура көрбөйт. Маселен Баткен райондук кеңешинин депутаты Карамат Орозованын баамында, жолдун аталган бөлүгүн мамлекеттик чек ара боюнча паритеттик комиссияда карабай туруп эле ижарага алуу адилет чечим эмес.

Анын пикиринде, ушундай жолугушууларда өкмөттүк комиссия элдин үнү менен эсептешпей жаткандыктан жемиштүү болду дегенге жарабайт. Андан сырткары чек арадагы чырларды жергиликтүү бийлик чече албай калса да, кайра эле ушуларга тапшыруу да туура эмес болгон:

- Азыр бул ижарага алынган жерди чындыгында Тажикстандын, же Кыргыз Республикасынын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясы чече элек али. Чечилбеген ортодогу жерди эмне үчүн Кыргызстан ижарага алышы керек? Мени ошол нерсе кичине кооптондурат. Мындан тышкары биздин элдин маалыматынын жоктугунан чек арадагы мындай келишпестүүлүк кайталана берет. Бирок бул жерде дагы бир келишим түзүп коюптур, эгерде чыр-чатактар чыгып калса жергиликтүү бийлик карайт деп. Жергиликтүү бийлик карап эле жүрөт, алар чече албагынан партитеттик комиссияга тапшырган. Мындай көп келишимдердин баарын эле жергиликтүү эл билбейт. Акылдашпай туруп чечишет, анан биздин эл менен алардын эли кагылыша берет. Ошондуктан биз бул маселени биротоло чечишибиз керек. Антпесек бул нерсе кайталана берет деп ойлойм.

Ошол эле учурда Баткен районунун дагы бир тургуну Ашырбек Саламов кыргыз тараптын бул чечими түшүнүксүз болуп калганын айтат. Анткени тактала элек жерди ижарага албаш керек эле. Анын үстүнө бул маселе боюнча 2004-жылы, Николай Танаев премьер-министр болуп турганда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, кыргыз тарап Тажикстандын Канибадам электр подстанциясы үчүн Кыргызстандын аймагынан линия тартууга жер ажыратып берген. Анын ордуна болсо ошол жолду курууга макулдашылды деп айтылган эле. Тажик тарап болсо ошондо эле линиясын тартып бүтүрүп алышкан.

Ашырбек Саламовдун пикиринде, бул жерде маселени оң жагына чечүү үчүн күчтүү саясий эрк болушу керек:

- Мисалы Кыргызстан тарап 49 жылга Канибадам подстанциясына линия тартуу үчүн жер берген. Ошол эле сүйлөшүүлөрдүн негизинде катуурак туруп, маселени чечсе болмок. Эми Ак-Сайдагы талаш 275 метр жерди биз кайрадан ижарага алып атканыбыз таптакыр түшүнүксүз болуп калды. Бул демек демаркация, делимитация процесстери өтпөй жатып эле, биз бул жер Тажикстандыкы деп мойнубузга алып жатканыбызды түшүндүрөт да...

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар азыр кыргыз тарап ижарага алабыз деген жер мурда Кыргызстанга тиешелүү болуп келип, кийин эле талаштуу аймак болуп калганын, Советтер Союзунун учурунда азыр ошол жолдо турган көпүрөнү да кыргыз тарап курганын айтып жүрүшөт. Айрым серепчилердин баамында, кандай болгон күндө чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия чечпей туруп, кыргыз тараптын бул жерди 49 жылга ижарага алышы туура эмес, маселени чечүүнүн башка жолдорун да караштырып көрсө болмок. Бирок таптакыр чечилбей калгандан көрө маселенин мындай жол менен чечилишин туура көргөндөр да жок эмес.

Бул арада кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы, чек араны аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабын жетектеп жүргөн Саламат Аламанов ал участок советтик мезгилден бери эле Тажикстанга тиешелүү экени анык болгонун "Азаттыкка" билдирди. "Биз мына ошондуктан ал жерди ижарага алууга бардык" - дейт Саламат Аламанов.

Жогоруда белгилегендей, бул жолду куруу боюнча 2004-жылы кыргыз-тажик өкмөт башчылары Баткенде, андан кийин Тажикстандын аймагында жолугушуп, эки тараптуу келишимге келишкен. Ага ылайык, кыргыз тарап Тажикстанга Баткенден электр линиясын тартуу үчүн 49 жылга жер берген. Тажик тарап болсо аталган жолдун Тажикстанга кирбей өтүшү үчүн Сурх айылына жакын жерден үч жарым чакырымдай жер бериши керек болгон. Кыргызстан бул жерге узундугу ошончо аралыктагы көпүрө куруп, жол тажик айылдарына кирбей өтө турган болгон. Бирок бул долбоор кайсы бир себептерден улам ишке ашпай, анын ордуна азыркы айланма жолду куруу каралган. (Тажик тарап линиясын бул келишимден кийин эле тартып алган. Демек бул келишим кыргыз тарап үчүн иштеген эмес. Жогоруда айрым жергиликтүү тургундардын маселени ошол келишимдин негизинде караса болмок дегени ошондон.) Мурдагыдай Өзбекстан менен Тажикстандын аймактарын аралабай Кыргызстан аркылуу гана Оштон Лейлек районунун борбору - Исфана шаарына чейин барчу Ош-Исфана жолунун курулушу ошентип аталган 275 метр аралыкка гана такалып турган.

Баткендин Тажикстан менен чектешкен бул аймагында жер-суу талаштарынан улам кошуна эки элдин ортосунда байма-бай чыр-чатактар чыгып келгени белгилүү. Маселен, Мамат Айбалаев облус губернатору болуп турган 2000-жылдардын башында тажик тарап дал ушул жерге бажы бекетин орнотуп, ага жооп иретинде кыргыз тарап да чек ара, бажы тосмолорун орноткон. Мунун натыйжасында эки эл тен көтөрүлүп, бири-биринин тосмолорун оодарып, эки элдин ортосунда чоң чыр-чыгып кете жаздаган. Бул окуядан соң эки тараптын өкмөттүк комиссиялары кезигишип, чек аралар такталмайын мындай тосмолорду койбоо чечимине келишкен болчу.
  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG