Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Эл аралык Кылмыш соту Судандын президентин камоого буйрук чыгарды


Бул Эл аралык кылмыш сотунун акыркы жети жылдык тарыхында кызматтагы мамлекет башчысын камакка алуу боюнча алгачкы чечими болду.

Омар ал-Башир Судандын Дарфур провинциясында орун алган аскерий жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн айыпталууда.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Луис Морено Окампонун билдиргенине караганда, аларда президент ал-Башир Судандын армиясын жана араб согушкерлерин Дарфурдагы ындыкара калкты өлтүрүүгө, зордуктоо, күч менен көчүрүү үчүн мобилизациялагыны боюнча бекем далилдер бар. Бирок ал-Баширди геноцид үчүн айыптоого далилдер жетишсиз. Бул сот чечиминен кийин Судан өкмөтү он чакты эл аралык гуманитардык уюмду өлкөдөн чыгып кетүүсүн буйруду.

Улуттар уюмунун эсебинде, дээрлик алты жылга созулган жаңжал учурунда Дарфурда 300 миңдей адам өмүрүнөн айрылды, эки жарым миллиондон ашуун киши үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Судан Эл аралык Кылмыш сотуна эч кимди өткөрүп бербей турганын буга чейин эле билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG