Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Брюсселде бүгүн НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт


Жыйында НАТОнун Орусия менен алакасы жана Ооганстандагы кырдаал талкууланары күтүлүүдө. Атап айтканда НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Орусия менен жогорку деңгээлдеги расмий байланышты калыбына келтирүү же келтирбөө маселесин талкуулашат. Андай байланыштар Орусия менен Грузия ортосунда былтыр августта болгон согуштан кийин тоңдурулуп коюлган.
Ал эми Ооганстан боюнча жыйында АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон азыркы администрациянын ооган-пакистан чөлкөмүндөгү стратегияны кайра кароосу жана андан НАТОнун Ооганстандагы ишине тийүүчү ыктымал таасирлер боюнча маалымат берери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG