Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

АКШ “Манас” аба базасын сактап калгысы келсе, эшик ачык


Мындай сөзүн кечээ президент Курманбек Бакиев Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы үчүн атайын берген маегинде айтты. Президент бирок бул жолу АКШ башка шарттар, башка келишим менен келиши керектигин баса белгиледи. "Азыркы учурда сүйлөшүүлөр жүргөн жери жок. Бирок, мен эшик ачык деп айткым келет. Кыргызстан ОДКБнын мүчөсү катары Ооганистандагы кырдаалдын стабилдешүүсүнө кызыктар. Биз АКШ сунуш кылчу бардык варианттарды караганга даярбыз. Ал кандай форматта, кандай түрдө болот - сүйлөшүүлөрдө белгилүү болот да, бирок азырынча предметтүү сүйлөшүүлөр жок. АКШ сүйлөшүүгө даяр болсо, Кыргызстан да сүйлөшүүгө даяр. Бирок, мурдагыдай шартта эмес. Эски келишим жокко чыгарылды, бул боюнча чечим кабыл алынды.
Эми жаңы келишим, жаңы шарттар, жаңы форматтар жөнүндө гана сөз болушу мүмкүн. Сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок жаңы шарттар менен" –деп айткан президент Бакиев БиБиСидеги интервьюсунда. Ошондой эле Курманбек Бакиев Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы үчүн атайын берген маегинде Орусиядан насыя алынып жаткан 2 млрд доллар менен АКШнын “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечиминин эч кандай байланышы жоктугун, бул жөн гана дал келүүчүлүк болуп калгандыгын да белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG