Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Нарындагы окуя боюнча ИИМ министри менен сүйлөштү


Анда Темир Сариев партиянын Нарын облусундагы кеңсесин милиция кызматкерлери тинтип, облустук координатору Урмат Акунов жана штаб жетекчиси Жолдубай Сүйүнбаевди кысымга алып, кайра-кайра суракка алышына байланыштуу маселе көтөрүп, министрден мыйзамсыз аракеттерин токтотууну талап кылган. Темир Сариевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча ИИМ министри Молдомуса Конгантиев бул иш боюнча кабардар эместигин айтып, териштирүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү убада кылды.
3-март күнү эртең менен “Ак-Шумкар” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишип, ал жерден «Эл сөзү» гезитинин чыгарылыштарын жана Бириккен элдик кыймылдын «Кыргыз элине кайрылуу» деген баракчаларын жыйнап кетишкен. Ал эми жогоруда аты аталган оппозиционерлерди УКМКнын облустук башкармалыгына алып барып, түн киргенге чейин кармашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG