Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Ноокат окуясына катышкандар диний көз карашы үчүн жазаланган жок


Алар массалык баш-аламандык уюштурган үчүн жоопко тартылды,-деп билдирди Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов бүгүн Жогорку Кеңеште. Анын айтымында, Кыргызстанда диний экстремисттик уюмдар бар, бирок террордук акт жасоо мүмкүнчүлүгү минималдуу. Депутат Роза Отунбаев Ноокат окуясына катышкан деп кармалгандарды катаал жазалоо жалпы мусулмандардын нааразылыгын жаратып жатканын билдирди. Бирок Мурат Суталинов,”Ак жол” фракциянын лидери Улукбек Ормонов андай пикирге каршы чыгып, чоң трибунаны элди козутуу үчүн пайдаланбоого чакырды.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG