Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

А.Сасыкбаева: "Бийлик өзүнө жакпаган адамдарга криминалдык ыкмаларды колдоно баштады"


“Интербилим” борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева бүгүн жалпы элге кайрылуу жолдоду. Анда журналист Сыргак Абдылдаевдин токмоктолушу боюнча тынчсыздануу билдирилип, бул окуя эркин ой жүгүртүүгө болгон кезектеги чабуул катары сыпатталган. "Бийлик ашынып барат, жана өзүнө жакпаган адамдарга криминалдык ыкмаларды колдоно баштады", - деп жазылат кайрылууда. Оппозиционер акыркы үч жылда өлкөдө саясий басым астында сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй чектөөлөр орун алып жаткандыгын белгилеп, журналист С.Абдылдаевге болгон кол салууну “бийликтин каталарын көзгө сайып көрсөтө турган адамдарга карата ачык эскертүү” деп баалаган. Жалпы бейөкмөт уюмдарынын атынан Асия Сасыкбаева кайрылуу этегинде журналистке кол салгандарды табуу жана жазалоо талабын коет. (EK)

XS
SM
MD
LG