Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Максим Кулешов психикалык ооруканага жаткырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Назгүл Турдубекова бүгүн билдирди. Анын маалыматы боюнча, Максим Кулешов милиция кызматкерлери тарабынан зордук менен Республикалык психикалык ооруканага жеткирилип, учурда ага ар кандай дары-дармек берилип жатышы ыктымал. Максим Кулешов саясий акцияларды такай өткөрүп турат. Ал 4-мартта Ак үйдүн алдында “Жетишет, шүмшүк!” аттуу акция өткөрүүнү пландаштырып жаткан. Айрым маалыматтарга караганда, аны акцияга келе жаткан жерден Биринчи Май райондук милициясы кармап кеткен. Адам укугун коргоочулар түштөн кийин Ички иштер министрлигинин алдына чогулуп, Кулешовду бошотуу талабын койгону жатышат.(AiT)

XS
SM
MD
LG