Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

“Репортер-Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кеткен окуядан кийин журналисттик уюмдар Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө ачык кат менен президентке кайрылышты. Бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев жооп берди.

-Марат мырза, кечээ кечинде “Репортер Бишкек» гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кетти. Кийинчерээк журналист болуп иштөө кооптуу болуп бараткансыйт?

-Чынында журналисттерге кол салуу фактылары арбын эле болду. Айрыкча акыркы 2005- жылдагы март ыңкылабынан кийин журналисттердин өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайлар көп болуп, кескин өсүп кетти. Бул биздин экономикалык, саясый кырдаалга байланыштуу болууда.

Азыр баам салсак, айрыкча саясый нааразылык акциялардын учурунда кескин көбөйүп жатканы байкалат. 2006-жылы саясый акциялар өтүп жатканда күнүнө журналисттердин коопсуздугуна коркунуч жараткан 7-10 факты катталып турду. Кийин мындай көрүнүш өнөкөткө айланып, саясый кырдаал курчуй баштаганда эле журналисттерге кол салуу фактылары кайрадан көбөйө баштады.

Өткөн жыл мурдакы жылдарга салыштырмалуу тынч болгон менен журналисттерди кооптондурган жагдайлар арбын болду. Бизге белгилүү болгон эле 5-6 факты катталган. Бирок чынында көп коркутуу-үркүтүүлөр болууда. Айрым журналисттер андай окуяларды ырбатып жибербөө үчүн коомчулукка жарыя кылбай, жаап-жашырып, жымсалдап коюп жүрүшөт. Эмне үчүн дегенде укук коргоо органдары ар бир окуяны иликтеп, тергөө иштерин жүргүзүп, кылмышкерлер татыктуу жазасын тартат деген ишеним жок.

-Учурда журналистер бийликчил жана оппозициялык маанайда болушуп, бөлүнүп калышпадыбы. Бийликти сындаган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салуу, коркутуу фактылары көбүрөөк катталып жатабы?


- Мурда мамлекеттик жана көз карандысыз деп маалымат каражаттарын экиге бөлүп карачу элек. Учурда андай болбой бийликти жактаган жана оппозиячыл маанайдагы маалымат каражаттары деп экиге бөлүнүп калды. Өкмөттүк гезиттерде иштеген журналисттер өтө курч сындаган макалаларды деле жазышпайт. Ошондуктан алардын өмүрүнө анча деле коркунуч байкалбайт.

Бийликтин жана оппозициянын көз караштарын чагылдырган маалымат каражаттарында тирешүү болуп жатканы байкалат. Мындай тирешүү журналисттердин каалоосу боюнча эмес ошол маалымат каражаттарынын ээлеринин көз карашына байланыштуу болууда.

Журналисттерди жана маалымат каражаттарын ээлери идеологиялык курал катары колдонуп жатышат. Бирок ушундай окуялар, фактылар болгондо эмнегедир ММКнын ээлерине, саясатчыларга, экономисттерге куугунтук болбой эле, журналисттер жабыр тартып жатышат.

-Өзүңүз белгилегендей ММКнын ээлери же иш берүүчүлөр алардын кол алдында иштеп жатышкан журналисттердин укуктарын коргоо үчүн кандай аракеттерди көрүүсү керек жана эмнелерди кылып жатышат?

-Кыла турган иш көп. Бул иштерди аткарып койгондон эле бардыгы шайма- шай болуп, оңолуп калат деп айтыш кыйын. Журналисттердин коопсуздугун сактоо өтө орчундуу маселе. Бул көп маселенин түйүнү. Бардык маселелер укуктук негизде чечилмейин абал өзгөрбөйт.

Биринчиден, экономикабыз оңолмоюнча көп маселелер чечилбейт. Бардык маселе экономикалык ал-абалга барып такалат. Экономикабыз өсүп-өнүкмөйүнчө чыныгы көз карандысыз, өзүн-өзү баккан ММК болушу күмөн. Ошондо гана чыныгы сөз эркиндигине жетүүгө мүмкүндук түзүлмөк.

Экинчиден, биздин бийлик төбөлдөрү канчалык терс маанайдагы сын мамалар ММКлардан кетип жатышына калыс, салкын мамиле кылуу маданиятына үйрөнсө дурус болмок. Эгерде ММКларда жалаң эле бийликти мактаган маалыматтар чыкса, анда эл ал-абалдын чыныгы жүзүн тааный албай, адашып, аңдап талдай албай калат.

Коомдогу окуялардын чын-бышыгын билүү үчүн сын макалалар дагы керек. Ошондуктан өлкөдөгү ал-абалды коомчулукка билдирип туруу үчүн журналисттер тобокелге барып, сын көз караштагы макалаларды жазып жатышат. Кээ бир учурларда журналисттер өтө аша чаап, этикалык нормаларды жана мыйзамдарды да тепсеп кеткен учурлар болууда.

Муну медиа уюмдар, коомчулук деле байкап билип жатабыз. Бирок мындай нерселер мыйзам чегинде, мазактоо жана ушактоо деген беренелерди алып салуу тууралуу канча ирет маселе көтөрүп чыктык эле. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес көз карандысыз ММКларда чыныгы чыгармачылык атаандашуу болсун үчүн аларды менчиктештирүү маселесин алып чыктык эле.

Коомдук телекомпания түзүү демилгебиз да суу кечпей калды. Журналисттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салган жана ММКларга түшкөн арыз, даттанууларды кароо үчүн атайын комиссия түзүлүп, иштей баштады. Бул комиссиядан үмүт чоң. Журналисттердин этикасын кабыл алдык. Биз жактан дагы колдон келген аракеттер көрүлүүдө.

-Марат мырза, учурдагы өлкөдөгү сөз эркиндигинин ал-абалына кандай баа бересиз?


-Биздин уюм гана эмес эл аралык абройлуу уюмдар, калыс мекемелер өлкөдөгү сөз эркиндигинин мейкиндиги жылдан жылга тарып баратканын айтышууда. Буга көп мисалдар бар. Мисалы коомдук телекөрсөтүүлөрдү түзүп туруп, кайра иштетпей туруп жок кылдык. Электрондук маалымат каражаттарынан бир дагы телеканал калган жок, бийлик тарапты сынга алган.

Мурда жаманбы, жакшыбы бийликке бир аз сын айткан “Пирамида” телекомпаниясы бар эле. Аны дагы бийлик өзү тарапка тартып алып, ээлик кылып алышты. Жалал-Абатта “Сентябрь” деген теле компания бар эле. Ал дагы бир аз оппозициялык маанайдагы берүүлөрдү калкка тартуулап турчу. Бирок анын дагы ар кандай шылтоолор менен иштетпей коюшту.

Гезиттерге дагы илгерки ыкмалар колдонулуп, оппозициялык маанайдагылары жабылып жатат. “Де-факто” гезити жабылды. “Алиби” гезитин жаап коюшканы менен алар кайрадан “Ачык саясат” деген ат менен чыгып жатат.

Аскар Акаевдин доорундагы технологияны колдонулуп ган тим болбостон бийлик аны андан ары өрчүтүп жатат. Эгерде күнөөсү болсо далилдеп туруп, башкы редакторду жоопко тартпай койсо, ал кайрадан эле башка гезит ачып, жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатпайбы?!

- 4- мартта “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармасынын өкүлдөрү болуп, ооруканада жаткан “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин ден соолугу, абалы менен таанышып келипсиз? Ал-абалы кандай экен?

-Сыргак Абдылдаевди тааныбаган кишилер сабаган. Андан мээси чайкалып, эки колунун сөөгү тең сынган, катуу урганда сөөгү сынып, териси айрылып кеткен. Анан ылдый жагында балтырына 21 жолу бычак сайылган. Мээси чайкалып, териси айрылып, оор абалда экен. Азыр деле абалы оор, бирок стабилдүү дешти дарыгерлер.

Сыргак Абдылдаевге кол салуу кесиптик ишмердигине байланыштуу болду деп эсептейм. Себеби Сыргак Абдылдаев кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясий, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келаткан.

- Марат мырза, журналисттердин чет өлкөлөрдөн баш банек сурап, чет өлкөгө чыгып кетүү өнөкөткө айланып баратат?

- Журналисттик кесип негизи жаман кооптуу кесип болуп калды. Азыр журналистикада иштеп жүргөн балдар чынын айтканда, өзгөчө акыркы окуядан кийин, Алишер Саиповду атып кеткенден кийин эки анжы болуп калышты, иштесемби, улантсамбы кесибимди-улантпасамбы деп. Буга мисал, Кыргызстандын чегинен биздин беш журналист баш баанек издеп чет мамлекетке кетип калган.

Бул Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов, ошол эле «Репортер Бишкек» гезитинен Хабира Мажиева, "Де Фактонун" баш редактору Чолпон Орозобекова менен анын жолдошу журналист Жеңишбек Эдигеев.

- Журналисттер өзүнүн коопсуздугун сакташ үчүн өздөрү эмне иш чараларды көрүш керек жана өздөрүн кандай алып жүрүш керек?

- Чын-чынына келгенде нааразылык акциялар учурунда журналисттердин коопсуздугу үчүн ЖМКлар кандайдыр бир чараларды көрүшү керек, үйрөтүш керек кантип чагылдырууну, кантип сактанууну. Коопсуздук каражаттары менен камсыздалышы керек журналисттер, аптечкадан баштап жилет сыяктуу көп каражаттар менен. Азыр биздин ЖМКларда абал кандай экенин билесиңер, баарынын эле буга мүмкүнчүлүгү жок, боло бербейт. Журналисттер да өз укуктарын кичине билиш керек, унчукпай жүрө бербей, ар бир фактыны чыгарып туруш керек,. Баарын жашырып жүрө берсек, акырында ушундай фактыларга кабылабыз. Мындайлардын саны көбөйө бериши мүмкүн.

- Бийлик тарабынан журналисттердин укугун коргоо үчүн эмне иш чаралар көрүлүп атат?

- Бийлик тарабынан ар бир биздин ушундай алып чыккан фактылар боюнча "чараларды көрүп атабыз, кылмыш иштерин козгодук, тергөө жүргүзүп атабыз, табабыз" дешет, бирок майнап жок. Апрель митинг учурунда биздин бир нече журналисттерди сабап кетти эле, 3-майда ошол учурдагы премьер-министр Атамбаев өзү айткан болчу, өзүм көзөмөлгө алам ушунун тергөө ишин деп. Бирок күнөөкөрлөр табылган жок.

- Марат мырза, Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуудан кийин коомчулукка, бийлик тарапка кандай кайрылуу менен чыккан атасыздар?

- Президентке ачык кат жолдонду, кылмыш ишин ачуунун тергөө ишин өз көзөмөлүнө алсын деп. Кылмыштар такыр эле кароосуз калып, аягына чыкпаса, анда, билбейм, журналисттик кесипке бара турган адамдардын саны азайып, бул таптакыр кооптуу кесип болуп калып, мунун аркасы барып элге так маалыматтын жетпей калышына алып келет. Ар кандай кайрылуулар болуп атат, журналисттер чалып атышат, бизде тилектештик пайда болуптур, эмне кылсак, кандай жардам берсек деген.

- Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш аягына чыкпай эле калдыбы?

- Укук коргоо органдарынын берген версиясы бизди көп ынандырбай атат. Анда Саиповдун өлүмүнө анын журналисттик кесибинин эч кандай тиешеси жок деген версия айтылыптыр. Муну дагы саясатташтырып, белгилүү Казакстандын жетекчинин кандайдыр бир тиешеси бар дегендей кылып айтып атышат. Бул жерде бир ок менен бир нече коенду атайын деген нерсеби дейбиз. Биринчиден, журналист А.Саиповдун кесиби анын өлүмүнө себепкер эмес экенин, экинчиден коңшу өлкөбүздүн укук коргоо органы менен мамилени бузбаш үчүн, ошол учурда эле оппозициялык жетекчилерди коркутуп-үркүтүү максатында иш кылсакпы деген.

Бирок биздин баамыбызда, Алишер Саиповдун өлүмүнө эң башкы эле себеп журналисттик кесиби болчу.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG