Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

БЭК Нооруздан кийин мөөнөтсүз акцияларды баштайт


БЭКтин штаб башчысы Азибек Бекназаров Ошто саясатчылар менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Азимбек Бекназаров жана БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү Анвар Артыков репрессиялык жолду тандаган бийлик менен БЭК эч качан соодалашууга барбастыгын, марттын 21нен кийин өлкөнүн 20-30 чакты районунда бир мезгилде мөөнөтсүз акция башташарын билдиришти. Анда президент Бакиевди кызматынан токтоосуз кетирүү талабы коюларын билдиришти. Ошондой эле Оштогу иш чараларды «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы генерал Исмаил Исаков жетектей тургандыгын айтышты. Ош облустук бийлик БЭК мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө анын ар кандай аракетин мыйзамсыз деп эсептейт. (АТо

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG