Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Миңдеген судандыктар өз президентин колдоп көчөгө чыкты


Бүгүн Судандын ордо калаасы Хартумда 5 миңден ашуун адам өлкө башчысы Омар ал-Баширдин камакка алынуусу тууралуу Эл аралык кылмыш сотунун буйругуна нааразылыгын билдирип көчөгө чыкты. Президент Башир соттун чечимин “өлкөгө каршы кутум” катары баалады. Эл аралык кылмыш соту Омар ал-Баширди Дарфур вилайетинде талап-тоноо, зордук-зомбулук жана адамдарды массалык түрдө кыруу боюнча өнөктүктү уюштурган деп айыптоодо. Сот чечими жарыялангандан көп өтпөй Судан бийлиги эл аралык он чакты гуманитардык уюмдарды өлкөдөн чыгарып, алардын мүлкүн басып алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG