Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Өзгөн районундагы “ата мекенчилер” АКШнын аскер базасын чыгаруу жөнүндө бийлик чечимин сындашууда


«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абаттагы башчылары Өзгөн районундагы партияларлаштары менен жолугушту. Жолугушуу партиянын Өзгөн шаары менен Куршап жана Чымбай айылдарындагы мүчөлөрү менен болду. Мындай маалымат уюмдун Жалал-Абат облусундагы төраганын орунбасары Кадырбек Жакыповдон алынды. Анын айтымында учурашуунун өзөгүн партиялык иштер, аны Баткен, Ош, Жалал-Абат облустарында өркүндөтүү, жаңы мүчөлөрдү тартуу маселеси түздү. Өзгөндөгү «ата мекенчилер» учурдагы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абалга нааразылыгын билдиришип, террорчулукка каршы коалициялык күчтөрдүн Кыргызстандагы аскер базасын чыгаруу маселеси шашылыш кабыл алынгандыгын белгилешти. Бүткүл өлкөдөй эле Өзгөн районунда да «Ата мекен» жана башка оппозициялык партиялар менен бийликтин кемчилигин сындаган адамдарга кысым көрсөтүүлөр сезилип жаткандыгын, айрым кызматкерлер алардын өкүлдөрүн СДПнын Ош шаарында өткөн жыйынына катышуудан айнытууга аракет кылгандыгын айтышты. Өзгөн райондук бийлиги «ата мекенчилердин» райондо болгонун төгүндөп чыкты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG