Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

НАТО Орусия менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жандандырууну макулдашты


Мындай мунаса НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кечээ Брюсселде өткөн жыйынында жетишилгенинин уюмдун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер билдирди. Орусия менен НАТО ортосундагы сүйлөшүүлөр Орусия менен Грузиянын былтыр августта орун алган согушунан кийин тоңдурулган болчу.

НАТОнун башкатчысы сүйлөшүүлөр качан жана каерде жанданарын айткан жок, бирок уюмдун 3-4-апрелде алтымыш жылдык мааракеси белгиленүүчү саммиттен соң мүмкүн болушунча тез өтүүсү керектигине токтолду.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги НАТОнун жарыясын кубаттады.

XS
SM
MD
LG