Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 20:53

АКШнын баалуу кагаздар базары кайрадан төмөндөдү


Бейшемби күнкү сооданын жыйынтыгында баалуу кагаздар базарынын көрсөткүчтөрү акыркы он эки жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Уолл-Стриттин негизги биржалык индекстери – Доу Жонс, Насдак 4%га ылдыйлады.

Баалуу кагаздар базарындагы бул жолку төмөндөөнүн себептери катары автоунаа өндүрүшүнүн гиганты "Женерал Моторстун" банкрот болуу ыктымалдуулугу, кезинде дүйнөнүн эң ири банкы катары эсептелген "Ситигруптун" абалынын начарлоосу аталууда.

Нью-Йорк биржасында кечээ мунай баасы да арзандап, бир баррели 44 доллардан төмөн болду, алтын баасы 2%га көтөрлдү. Бул аралыкта америкалык доллардын чет элдик негизги валюталарга карата алмашуу курсу жогорулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG