Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

АКШ Иранды Ооганстан боюнча жыйынга чакырууну мерчемдөөдө


Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кечээ жарыялады. Ал НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги кечээги жыйынынан кийин билдиргенине караганда, АКШ Иранды Ооганстан боюнча ушул айдын соңунда өтүүчү эл аралык конференцияга чакырууну мерчемдөөдө.

Жыйын 31-мартта өтүп, Улуттар уюмунун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Кай Эйде тарабынан башкарылат. Конференциянын ачылуусуна башкатчы Пан Ги Мундун катышуусу боюнча учурда Улуттар уюму менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG