Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Башкы прокуратура “Неман-фарм” ишканасын салык жашырган, деген шек менен айыптоодо


Мындай айып менен Башкы көзөмөл органы аталган ишкананын жетекчиси Султан Артыкбаевдин жана башкы бухгалтери Г. Мамаеванын үстүнөн кылмыш ишин 5-мартта козгоду. Аталган органдын басма сөз кызматы “Неман-фарм” ишканасы 2007-жылы жалпы суммасы 48 млн сомдон ашуун салыкты жашырып койгон, муну менен мамлекетке ири зыян келтирген, деп маалымдады. Бул иш Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин тергеген башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
“Неман-фарм” ишканасынын жетекчиси Султан Артыкбаев оппозициялык социал-демократчы депутат Осмонбек Артыкбаевдин бир тууганы. Аталган ишкананы тыкыр текшерүү бир жылдан ашуун убакыттан бери жүрүп келе жаткан. Ушундан улам аталган фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов бул иш саясий куугунтук мүнөзгө ээ, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG