Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Орусияда Ноокат окуясына тиешеси бар деген шек менен кыргызстандык жаран камакка алынган


“Мемориал” укук коргоо борборунун маалыматы боюнча азырынча аты-жөнү аталбаган жаранды Кыргызстандык күч органдарынын суроосу менен Новосибирк шаарынын милициясы өткөн жылдын 6-октябрында кармашкан. Ал ошондон бери бир кишилик камерада жатат. “Мемориал” укук коргоо борборунун Орто Азия боюнча программа башчысы Виталий Пономарев бул киши өткөн жылдын февраль айында эле Орусияга чыгып кеткен болсо да, Ноокат окуясына тиешеси бар деп шектелген тизмеге киргизилгендигин кошумча маалымдады.
2008-жылдын 1-октябрында Орозо айт майрамын белгилөөгө Ноокат районундагы борбордук аянтты бербей койгондугу үчүн айрым адамдар нааразы болуп, райондук акимчиликти талкалап салышкан. Бул окуяга катышы бар, деген айып менен 32 киши сот жообуна тартылып, узак мөөнөткө камакка алынышты. Бул окуя боюнча иликтөө жүргүзгөн “Мемориал” укук коргоо борбору милиция тергөөнү адилетсиз, күч колдонуу менен жүргүзгөн, деген тыянак чыгарган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG