Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Бийлик И.Исаковго анын дос-туугандарына куран окутууга тоскоолдук кылууда


Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаков Аскерий соттон уруксат алуу менен Алай районуна барып, каза болуп калган досуна, тууганына Гүлчө айылында куран окутууну белгилеген. Бирок бийлик өкүлдөрү эти бышып калган мезгилде Гүлчөдөгү “Элим” кафесин жабууга мажбурлатып, Исаков жана анын жакындары бүгүн уюштуруп жаткан иш чараны үзгүлтүккө учуратууда.Бул тууралуу Алайдан БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Маалыматка караганда, Ош-Алай жолуна автомат менен куралданган топторду жайгаштырып,өткөн кеткендер катуу текшерүүгө алынууда. Коопсуздук Кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго каршы кылмыш иштери козголуп, ишти кароо Аскердик сотто 10-мартка белгиленген. Исаков жакында каза болуп калган тууган, досуна куран окутуу үчүн туулган жерине соттун уруксаты менен барган эле.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG