Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Ө.Бабановдун Баткен облусуна жумуш сапар уланууда


Сапардын алгачкы күнүндө 5-мартта биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Айдаркен сымап комбинатында болуп, анын иши менен таанышты. Комбинаттагы маселелерди өкмөттүк деңгээлде чечүүгө жардам берүүгө Бабанов сөз берди. Андан кийин биринчи вице-премьер-министр Баткен районунда болуп, ал жердеги жаңыдан курулуп жаткан асфальт-бетон, спирт жана кыш заводдор менен таанышты. Ошол эле күнү Бабанов жазгы-талаа жумуштарын өткөрүү боюнча облус активи менен жыйын өткөрдү. Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Баткен облусунун аялдарын куттуктоого арналган жыйынга катышат. Андан сырткары ал Кызыл-Кыядагы цемент заводунда болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаев Баткенден маалымдады.(AiT)

XS
SM
MD
LG