Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кыймылсыз мүлк салыгына мораторийден бюджет 750 миллион сом жоготот


Бул тууралуу экономикалык өнүктүрүүдө жана соода министри Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бүгүн билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу Каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү караштырып жатат. Ал боюнча социалдык эмес багыттагы чыгашаларды кыскартуу сунушталат. Быйылкы жылы өкмөт ички дүң продуктысы 1.5%дан азга өсөт деп болжолдоодо. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы “Салык” кодексин иштеп чыгууда жана кабыл алууда Салык жана жыйымдар комитети, өкмөт тарабынан кемчиликтер кетирилгенин сынга алышты. Бирок буга карабай депутаттар кыймылсыз мүлккө салыкка мораторий киргизүү тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп беришти.(AiT)

XS
SM
MD
LG