Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Аялдар майрамы жана сапырылган сары саясат


Kyrgyzstan - Newspapers in Kyrgyzstan. 26Dec2008
Kyrgyzstan - Newspapers in Kyrgyzstan. 26Dec2008
“Жаңы ордо” гезитине ЖК депутаты Роза Абдраимова, Жалал-Абад облакимчилигинин орунбасар башчысы Дамира Алимжанованын интервьюлары, Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуевдин Анаш Кадырова жөнүндөгү баяны басылды. Бирок гезиттеги башкы макала катары журналист Бекен Назаралиевдин Акүйдүн 7-кабатына багыштаган көлөмдүу катын атоого болот.

Автордун “Ким мененсиз, урматтуу Президент!” деп аталган катында “Кыргызпатенттин” жетекчиси Улан Мелисбек тууралуу сөз болот. Макала автору анысында Балкыбеков, Садыркулов, Ширшов ж.б. президенттин беделин түшүрүп келатканын, булардын орду Акүй эмес түрмө экенин, бирок алар жасаган кылмыштары үчүн жооп бербей, кор болгон кыргыз армиясын бутуна тургузган Исмаил Исаковго кылмыш иши козголгонуна эл нааразы болуп жатканын баяндайт.

Андан ары “Кыргызпатенттин” башчысы У. Мелисбек кечээ эле океандын ары жагына жатып алып Акаев менен Бакиевди кантип коркутканын анын бир кезде жазган макалаларынан мисал келтирүү менен кеп кылат. Бекен Назаралиев: “Кечээ эле президентти коргоп макала жазып келген Мамат Сабыров, Бакпур Аленов, Жаныбек Атамбеков ж.б. жумушсуз көчөдө калышты. Алардын ордуна кечээ Акаевди мактап, сизди күнү-түнү сындагандар келди, алдыда президенттик шайлоо келатат, эми элди аралаганда Чудинов менен Малеванаяны жаныңызга алып жүрөсүзбү?”” деп президентке суроо койгон.

“Айгай” гезити “АКШ базасы чыгарылбайт” деген чакан макаласында “эл аралык саясат соодага түшкөнүн”, кечээ эле Бакиев Маскөөдө олтуруп Америка авибазасын чыгаруу жөнүндө Кыргыз өкмөтү чечим кабыл алганын угузгандан кийин коомчулукта түрдүү ой-пикирлер пайда болгонун эске салган. Ошондой ой-пикирлердин бир катары гезит: “Бакиев эртең айнып кетет, Маскөөдөн келгенден кийин АКШ базасын чыгарбайм деп айтып кое берет” деп айткан А. Бекназаровдун сөзүн мисалга тартып, эгер бул айткандар чын чыкса, ажонун өзгөрүлмө мүнөзү да бир жолу далилденет деп билдирди.

Гезит бул санына “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын “Бийлик эркиндикти чектеген система түзүүгө киришти. Эгер ушул кадам күчөй берсе Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучунда турат” деген ойду билдирген интервьюсун жарыялады. Ушул эле басылмага маек курган Саясый куугунтукка каршы комитеттин башчысы Топчубек Тургуналиев: “Саясый кууугунтук эң ириде элдин алдыңкы, чечкиндүү катмарына, журналисттерге, укук коргоочуларга, оппозициянын башчыларына, алардын туугандарына жүргүзүлүп жатат” деп айтты.

“Ачык саясат”
гезити: “Кыргыз парламентинин комитеттери Америкадан башка 11 мамлекет менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну тотктотуп койгонунун төркүнү эми ачыкка чыкканын, өткөн айда эле кош стандарттуу саясат менен коштошкондой болдук эле, эми кайра достошкону кол сунуп олтурабыз. Орусияны “кидать” этебиз деп Орусиянын олчойгон насыясынан куржалак калбагай элек, эми эмне болор экен? “ деп суроо койду.

Ушул эле гезит эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Кыраакылар” аттуу макаласына орун берди. Автор анысында: “Кыргызстандын электрондук мейкиндигинде таанымал орусиялык “Эхо Москвы” радиостанциясы мындан он чакты күн мурда президент К. Бакиевге арналган бүтүндөй 48 мүнөттүк берүүсүн эфирге чыгарганын, ошондо радионун башкы редактору А. Венедиктов “Чыгышта мамлекет башына жаңы келген адамдын балдары капысынан ашкере жөндөмдүү бизнесмен болуп чыга келишет. Кийин ата-энеси кызматынан кеткенден кийин карасаң, катардагы эле бир киши” деп айтканын шилтеме кылып, президент К. Бакиевдин уулу, бир туугандары тууралуу ой калчаган. Гезит өткөн санда жарыялаган экс-губернатор Б. Талгарбековдун “Убагында Бакиевде ой-пикир бар экенин укпаптыбыз” деген маектешүүсүнун соңку бөлүгүн да сунуш кылган.

“Кыргыз руху” гезити “БЭКтин лидери ким болушу мүмкүн?” деген ат менен журналист Калил Жамгырчиевдин макаласын окурмандарга тартуулады. Оппозиция лидерлери жөнүндө сөз кылган журналист “Эгер президенттик шайлоо келерки жылга белгиленсе Ө.Текебаевда убакыт бар. Кокус Консот шайлоону быйылкы күзгө жылдырып койсо Өмүрбек мырзага кыйын эле болот” деп, Т. Сариев чоң саясатка аттанганга али быша элек деп, А. Жекшенкулов буга чейин эле далай кызматтарды аркалаган, бирок өз жөндөмүн көрсөтө алган эмес деп баалайт.

“Кыскасы бүгүнкү президент Бакиевге чыныгы атаандаш жок. Бул кошомат эмес, бүгүнкү бийликти карап туруп гүл ыргыткандык да эмес. Себеп дегенде Бакиев элди өзүнө алып койду. Дүйнөлүк саясый элитадан да ордун тапты. Оппозиция же 3-күч деп эмнелерди гана айтпайлы кийинки шайлоодо Бакиевге каршы тура алар күч жок. Бул реалий чындык” деп жазды.

“Агым” гезитине Келдибек Назировдун “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” аттуу макаласы басылды. Макалада башы жакында депутаттар И. Масалиев, А. Төлөнов, Н. Айдаров тарабынан: “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөрүүлөр жана толуктоолор демилегси көтөрүлгөнүн, эгер бул мыйзам кабыл алынса коомдук уюмдар мамлекеттик органдарга маалымат берип каларын, алардын сасяый жана шайлоо пароцесстерге катышуусуна чек коюларын сөз кылат.

Автор депутаттардын коюп жаткан маселесинин да жүйөсү бар экенин, анткени аймакта экстремисттик, жанкечтилик аракеттер өтө эле активдешип кеткенин, ишмердигине тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний саясый партиясынын таасири жаштардын арасында күчөп баратканын белгилеп, бул маселе бардык тараптардын сунушун эске алуу менен чечилиши керек деген ойду айткан.

“Кыргыз туусу” гезити Американын авиабазасына байланыштуу кабарын “Курманбек бакиев Обомадан озду” деп атап, президенттин ВВС дүйнөлүк кызматынын кабарчысына суроолоруна берген жоопторунун айрымдарын шилтеме кылды. Гезит Бакиевдин АКШ авибазасына Кыргызстандын дарбазасы рачык дегенинен башка дагы: “Март айында оппозиция менен жолугушуу өткөрүлөт. Мен мурдагы таратылган парламенттеги оппозиция менен да жолугушууга даярмын. Мен Секретариатка тапшырма бердим. Алар жолугушууга даярдык көрүп жатат” деп айткан сөзүн далилге тартты.
XS
SM
MD
LG