Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

“Ак жол” А.Керимкуловдун талапкерлиги боюнча бир пикирге келген жок


Президент Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Айдарбек Керимкуловду Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчылыгына сунуштаган. Маселени кароого парламент бүгүн киришип, бирок “Ак жол” фракциясынын депутаттары Айдарбек Керимкуловдун талапкерлигин кайра карап чыгууну президентке сунуштоону жакташты. Коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар болсо Керимкуловдун талапкерлигин колдоп чыгышты. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Аскар Салымбеков өз партиялаштарын “Айдаркуловдун талапкерлигин улак тартыш оюнуна айлантпай” колдоп берүүгө чакырды.Бирок фракциянын лидери Улукбек Ормонов бул маселени фракцияда талкуулоо үчүн танапис сурады. Бирок белгиленген убакыт өткөндөн кийин да фракция бир пикирге келе албагандыктан Жогорку Кеңештин пленардык отуруму жабык деп жарыяланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG