Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Жогорку Кеңеш Манастагы база боюнча келишимдерди жокко чыгаруу кароодо


Кыргыз өкмөтү Манаска аскер жайгаштыруу боюнча 11 өлкө менен түзүлгөн келишимдерди денонсациялоону февралда парламентке сунуштаган. Жогорку Кеңештин эки комитети маселени 5-мартта карап, өкмөттүн сунушун колдоп берген. Эми 6-мартта Жогорку Кеңеш Түркия, Голландия, Түштүк Корея, Норвегия, Италия, Жаңы Зеландия,Польша, Франция, Испания, Дания жана Австралия өкмөттөрү менен Манас аба майданына аскердик база жайгаштыруу боюнча 2001-жылы жетишкен келишимдерди жокко чыгарууну кароого киришти. Депутаттарга денонсациянын себептери тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берди. Депутаттар база боюнча келишимдерди жокко чыгаруу боюнча жарыш сөзгө чыгууда. “Ак жол” жана коммунисттик фракциянын депутаттары келишимди бузууну жактап сүйлөөдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG