Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

В. Пономарев: Кыргызстандын коопсуздук кызматы жаш балдарды барымта кылгандан кайра тартпайт


"Ноокат тополоңчуларына" чыгарылган сот чечими боюнча нааразы болуп чыккандар. Ош ш. 2008-жыл.

"Ноокат тополоңчуларына" чыгарылган сот чечими боюнча нааразы болуп чыккандар. Ош ш. 2008-жыл.

Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюму Новосибирсктеги СИЗОдо кармалып турган кыргыз жараны 10 күндөн бери ачкачылык жарыялап жатканын билдирди. Уюмдан алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгы өлкөнүн чек-ара кызматтарына “Ноокат окуяларына” тийиштиги бар делген 90 адамдын атын берген. Ал тизмеде Абдурасул Мамарахимовдун да ысмы аталган экен. Аны былтыр 6-октябрда Екатеринбург шаарына жөнөп жаткан жеринен Новосибирсктин милициясы кармаган. Мамарахимов өзү буга чейин да улуттук, расалык, диний араздашууну жараткан деген айып менен Кыргызстанда издөөгө берилгени айтылды. Ал өзү “ноокат окуяларына” тийиштиги жок экенин билдирген. Анткени ал окуялар учурунда Орусияда жүргөнүн айтат. Кабарчыбыз "Мемориал" уюмунун Борбор Азиядагы адам укуктары программасынын директору Виталий Пономаревго бир катар суроолор менен кайрылды.

- Бул ушул өңдүү алгачкы фактыбы?

- Ооба. “Ноокат окуялары” боюнча Орусияда кыргыз жараны алгачкы ирет кармалып отурат. Ал кармалганы тууралуу былтыр октябрда эле “Регнум” агенттиги маалымдап чыккан. Бирок бул ошол кезде анча угулбай калган болчу. Ушунун айынан, орус жана кыргыз бийликтери бул кабардын ачыкка чыгышын анча каалашкан эмес деген ой жаралат. Жалпысынан “ноокат окуялары” боюнча 90 адам шектелип жатат. Ал боюнча документ азыр менин колумда.

- Сиз өзүңүздүн билдирүүдө “Кыргызстандын коопсуздук кызматтарынын бул жааттагы ишин өзбек коопсуздук кызматтарынын иши менен окшоштуруп” кеткен экенсиз?

- Ооба. Анжиян окуяларынан кийин өзбек коопсуздук кызматы ошол учурда Өзбекстанда болбогон адамдарды издей баштаган эле. Бул окуялардын эң белгилүүсү – Ивановодо 14 өзбек жаранынын кармалганы болду. Кийин адам укуктары боюнча Европа сотунун чечими менен гана алар бошотулушту. Качкын макамын алышты, бирок азырга чейин, айрым жагдайларга байланыштуу, Орусиядан чыгып кете албай жүрүшөт.

Өзбек кызматтарынын ишине окшоштукту дагы бир нерседен байкасак болот: Кыргызстандын коопсуздук кызматынан жиберилген катта издөөгө берилген адамдардын арасында жашы улгайып калган аксакалдар да, төрт жашар балдар да айтылган. Кантип алар “ноокат окуяларына” активдүү катышмак эле?

Демек, ГКНБ жаш балдарды азыр барымтадагылар катары колдонгонго даяр. Бул тактиканы учурунда өзбек кызматтары колдонушкан эле. Бул – такыр акылга сыйбаган көрүнүш. Менимче, Кыргызстандын укук нормаларына да шайкеш келбеген нерсе. Андыктан мен кыргыз бийликтерин Улуттук коопсуздук кызматы эмненин негизинде, кандай жолдор менен бул иштерди жасап жатканын иликтөөгө чакыраар элем.

- Сиз Мамарахимовдун укугун коргоо боюнча аракеттерди көрөм дедиңиз. Кандай аракет тууралуу айтып жатасыз?

- Биринчиден, доо арыздарды берүүдө жардам беребиз. Андан сырткары бул маселеге эларалык укук коргоо уюмдарынын көңүлүн бурдуруш керек. Анткени биз буга чейин өзбек бийликтеринин аракеттери жөнүндө гана айтып келген болсок, азыр эми, кыргыз коопсуздук кызматынын аракеттерин эске алганда, жакын арада Кыргызстандан да диний качкындардын пайда болушун күтсө болот. Алар бир эле Орусияда эмес, башка мамлекеттерде да пайда болушу мүмкүн. Алардын укугун коргоо жатында иштеш керек болот. Биз саясий жана диний куугунттукка кабылгандарга жардам берүүнү уланта беребиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG