Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:49

Алайлыктар генерал И. Исаковду актоо үчүн президентке он күн мөөнөт коюшту


БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаррвдун кабарлашынча, бийлик тоскоол кылганына карабай БЭКтин мүчөлөрү Исмаил Исаков, Анвар Артыковдун Гүлчө айылынын калкы менен жолугушуусуна 500дөн ашуун адам катышып, кайрылуу кабыл алынды. Президент Бакиевге жолдонгон катта Исаковго карата куугунтуктоону токтотуп, 10-мартка белгиленген сотто генералды актоо талабы коюлат. Антпесе, Алай эли бийликке баш ийбөө акциясына кошулаары айтылат. Алай районун акими Алмазбек Осмонов БЭКтин жолугушуусуна базарда олтурган аялдар гана катышып, оппозиция өкүлдөрнүн кебин укпастан, тезек жана кар менен койгулап аймактан кууп чыгышкандыгын, буга бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG