Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:29

NATO: Орусия менен алаканы чыңдоо аракети


5-март. Брюсселдеги НАТО жыйыны.

5-март. Брюсселдеги НАТО жыйыны.

Түндүк атлантика аскердик ынтымагы же НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугушуп, “Орусия менен байланышты жандандыруу керек” деген бүтүмгө келишти. НАТОго мүчө айрым өлкөлөрдүн каршылыгына карабай чечим күчүндө калды.

АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын өкмөтү Орусия менен мамилесин оңдоого аракет кылып жаткан чакта, 5-мартта НАТОнун аскерий кеңеши да Москва менен болгон алакасын толук түрдө калыбына келтирерин жарыялады.

НАТО менен Орусиянын алты жылдык кызматташуусу былтыр август айында токтоп калган. Анда аскерий ынтымактын тышкы иштер министрлери Орусия-Грузия согушун катуу сынга алып, “эч нерсе болбогондой кызматташууну уланта берүү туура эмес” деген чечимге келишкен.

НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер байланышты чыңдоо чечимин жарыялап жатып
Орусиядан кол үзүп, сүйлөшпөй коюудан майнап чыкпайт. Яаап де Хооп Схеффер.
Москванын Грузиядагы аракеттерин катуу сынга аларын, бирок аскерий ынтымак үчүн Москва өтө маанилүү экенин жана андан жөн гана кол үзүп салуу туура болбосун айтты:

- Орусия абдан маанилүү жана дүйнөлүк деңгээлдеги оюнчу. Андыктан, андан кол үзүп, сүйлөшпөй коюудан майнап чыкпайт.

НАТОго алгачкы жолу американын башкы дипломаты катары келген АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон да Москва менен байланышты бекемдөө керектигин айтып, талаш-тартыштуу Грузия маселеси сыяктуу темаларды сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айтты. Ошондой эле ал Ооганстанга жүк ташуу жаатында да Орусия менен сүйлөшчү маселелер бар экенин билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнердин айтымында, аскердик ынтымактын 3-4-апрелде өтчү 60 жылдыгындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийин гана Орусия-НАТО алакасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданышы мүмкүн:

- Орусия менен НАТОнун мамилесинин расмий түрдө калыбына келиши, Страсбургдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуудан кийин, жайдын алды менен болчудай.

Ошентсе да аскерий ынтымактын бардык эле өкүлдөрү мындай чечимди колдошкон жок. Айрыкча Москваны постсоветтик аймактын башына урулган балка катары эсептеген Чыгыш Европадагы өлкөлөргө чечим жага бербеди.
Менин оюмча сүйлөшүүлөрдү баштоого эртелик кылат. Вигаудас Ушацкас.

Иш-жүзүндө жалгыз гана өзүнүн каршы пикирин ачык айтып чыккан Литванын тышкы иштер министри Вигаудас Ушацкас мындай деди:

- Менин оюмча расмий түрдөгү сүйлөшүүлөрдү баштоого эртелик кылат. Биз бул маселени 3-4-апрелдеги саммитке чейин токтото туруп, Орусиянын жогорудагы маселелер боюнча кыйла ийкемдүү болуусун күтүшүбүз керек.

Бирок АКШ чиновниктери каршы болгондорду жайгарууга аракет кылып, америка эч качан аймактагы чакан өлкөлөрдү чанып кетпесин, Москва менен жең алдынан башка чакан өлкөлөрдүн үстүнөн тон бычпасын айтышты.

“Молотов-Риббентроп келишимдери жыйырманчы кылымдын биринчи жарымына гана таандык. Ал жок болгон нерсе, андай эч качан кайталанбайт”,- деди АКШнын мамкатчысынын Европа иштери боюнча орун басары Дэниел Фрейд.
XS
SM
MD
LG