Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Казакстанда 5 500 жыл илгерки доордун изи калган жерди казуу менен алпурушкан окумуштуулар, адам баласы жылкыны эң алгачкы жолу колго үйрөтө баштаганын билдирген далилдерге туш болушту. Казуулар көрсөткөндөй, жылкы баласы азыркы айтылып жүргөн доордон 1 000 жыл илгери эле колго үйрөтүлүп, миниле баштаган экен.

Көптөгөн жылдардан бери археологдор жылкы баласы эң алгачкы жолу Коло доорунда колго үйрөтүлө баштаган деп ойлошкон. Коло дооруна тиешелүү археологиялык казууларда ар качан жылкыга тиешелүү буюмдар табылып, адамдар ушул доордо ат мине баштаганы айтылып келген.

Эми Казакстандын түндүгүндөгү андан да илгерки доорго таандык казууларга караганда, жылкы баласы балким, жалпы айтылып жүргөн Коло доорунан 1 000 жыл илгери эле колго багыла баштаган. Ал доордо адамдар негизинен таштан жасалган буюмдарды колдонушуп, жезди аз-аздан пайдалана башташкан.
Казууларыбызда биздин заманга чейин 3 500 жыл мурда, байыркы Ботай маданияты маалында жылкы колго үйрөтүлө баштаганын билдирген ачык далилдерге туш болдук. Табылгаларга караганда, жылкы жөн гана тамак үчүн колго багылбастан, аларды минип, саап турушкан шекилдүү. Алан Оутрам.

Улуу британиянын Эксетер шаарындагы Британ университетинин археологу Алан Оутрам, Казакстандагы Ботай байыркы маданиятына таандык аткананы элестеткен жерди казуу менен алпурушуп жаткан илимий топту жетектейт. “Азаттыкка” ал буларды айтты:

- Биздин табылгалар жылкы - Коло доорунда, биздин заманга чейин 2 000, 2 500 жыл мурда эле колго багыла баштаганын билдирсе кадыресе көрүнүш болмок. Бирок биз иликтөөлөрүбүздө эмнелерди таптык? Казууларыбызда биздин заманга чейин 3 500 жыл мурда, байыркы Ботай маданияты маалында жылкы колго үйрөтүлө баштаганын билдирген ачык далилдерге туш болдук. Табылгаларга караганда, жылкы жөн гана тамак үчүн колго багылбастан, аларды минип, саап турушкан шекилдүү.

Илимий топ казууларынын жыйынтыгын ушул эле аптада “Илим” (Science) деп аталган америка-британ академиялык журналына басып чыгышты.

Борбор Азия чөлкөмү мурда эле Жакынкы Чыгыш же Кытай сыяктуу, алгачкылардан болуп жаныбарлар колго үйрөтүлө баштаган аймак болуусу мүмкүн экени айтылып келген. Бирок бул жолку жаңы изилдөө тарыхка тактоолорду киргизчүдөй.

Казуу жүргөн жерден окумуштуулар жылкынын сөөктөрүн, тиштерин жана чоподон жасалган идиштин калдыктарын табышкан. Аларды тереңден иликтеп көрүп, окумуштуулар Ботай доорундагы күнүмдүк жашоонун кандай болгонун болжолдоп айтышууда.

Көптү таң калтырган нерсе – Ботай маданиятына таандык чопо идиштин калдыктарынан сүттүн изинин табылышы болду. Оутрамдын пикиринде, чопо идишке эмне куюлганын миң жылдар кийин да билсе болот:

- Өтө байыркы доордогу айнектелбеген чопо идиштер, куюлган азыкты өзүнө сиңирип алат. Ал эми азыктагы майлар чопо идиштин курамында миң жылдар бою да жакшы сакталып калышы мүмкүн. Анткени ал майлар химиялык жана бактериялык таасирлер коркунуч келтирбей турган өтө байыркы доордо эле чопо идишке сиңип калган. Ошол себептүү окумуштуулар ал майларды алып чыгып, ар кыл татаал изилдөөлөрдү жасай алышат. Жыйынтыгында ал кандай түрдөгү азык болгонун, кээде кайсыл азык болгонун да айтса болот.

Жылкынын дал ошол доордо эле саала баштоосунун далили, балким кой-эчки сыяктуу эле анын колго багыла баштаганын билдирген жетиштүү далил чыгар. Бирок окумуштуулар ошол доордо эле адамдар ат минишкенин билдирген белгилерди табышкан.

Окумуштуулар табылган жылкынын сөөктөрүн, тиштерин иликтеп көрүп, жылкынын оозуна атайын ооздук салынган деген тыянакка келишкен.

Оутрамдын пикиринде, ал кездеги жылкы тизгини толук кайыштан болгон болушу мүмкүн. Анткени бүгүнкү күнү андан эч кандай из калган эмес.

Британ археологунун айтымында, бул табылга бардык илимий ачылыштар сыяктуу кыйла суроолорго жооп берип эле тим болбой, кайра көптөгөн суроолорду да жаратат. Алардын бири – “Ошол эле доордо Борбор Азиянын башка аймактарында да жылкы колго үйрөтүлө баштаганбы?” деген суроо. Андан тышкары бир канча маанилүү суроолор да жаралды. Жылкыны колго үйрөтүү жана урунуу маданияты кандайча Евразия аркылуу тарашы мүмкүн? Мындай көрүнүш бир эле жерде өнүккөнбү же ар кыл жерде өз алдынча өнүккөнбү? Азырынча бул купуя бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG