Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

“Кумтөр Опрейтинг компанинин” жетекчилигине Роберт Вандер дайындалды


Аталган компанияны мурда жетектеген Гордон Гирд “Центерра Голд Инк” компаниясынын вице-президенти болуп дайындалды. Кумтөр компаниясынын жаңыдан ишке киришкен президенти Роберт Вандер 30 жылдан ашуун тоо-кен тармагында иштеп, алтын жана жез чыгарган бир катар ири компанаияларда жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Кийинки 18 ай аралыгында Перу менен Аргентинадагы «Антарес Минералс Инк.» компаниясын өнүктүрүү долбоорун жетектеген. АКШ, Орусия, Филиппин, Канада, Мексика, Бразилияда Венесуэллада тоо-кен компанияларын өнүктүрүү долбоорлорунда иштеген. Р.Вандер АКШнын Колорадо штатындагы геология колледжинин геологиялык инженер боюнча бакалавры даражасын, Юта штатындагы университетинин администрациялык иштер боюнча магистр даражасына ээ. Бул тууралуу “Кумтөр Опрейтинг компанинин” басма сөз кызматынан маалымдашты.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG